whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКадамжайдагы калк көңүлүн көтөргөн кадамдар

Кадамжайдагы калк көңүлүн көтөргөн кадамдар

Кадамжай району өлкөбүздөгү ар тараптан өнүгүп бара жаткан, алдыңкы райондордун бири. Райондун агрардык сектор бөлүмүнүн башчысы Абдыганы Жолдошев райондогу учурдагы жасалып жаткан бараандуу иштер тууралуу төмөнкүлөрдү баяндап берди.

Анын айтымында, 2024-жылы райондо 18 млрд. сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлүптүр. Бул мурдагы жылдагыдан 1,6 млрд. сомго арбын экен. Кыргызстанга жаңыдан кошулган Кара-Жантак жана Бирлик айыл өкмөтүнүн Жал айылдарында айыл чарба азыктарын сактоочу логистикалык борборлор, Апсамат Масалиев айыл өкмөтүндө корзинка чыгарчу кичи ишкана толугу менен курулуп пайдаланууга берилиптир. Кичи ГЭСтер, курулуш материалдарын чыгарчу ишканалар курулуп жатыптыр.

Райондогу эки шаар менен 114 айылдын 35и таза суу менен камсыз болуптур. Быйыл дагы 21 айыл-кыштакка жеткирилгени жатыптыр.

Кадамжайда жыл сайын заңгыраган типтүү, заманбап мектептердин, балдар бакчаларынын, ооруканалардын, маданият үйлөрүнүн имараттары көбөйүүдө. Кадамжайлык ишкерлер башкалардын катарында мамлекеттен жеңилдетилген насыяларды алышты. 230 жаранга 182 млн. сом берилди. Бул мурдагы жылга караганда 57 млн. сомго көп.

“40 районго 40 долбоор” камкордугунун алкагында республикалык бюджеттен “Акылдуу тамчылатып сугаруу”, “Кызыл как”, “Лаванда талаасы” жана “Сынч блок” деген долбоорлорго жалпы 3 млн. сом ажыратылды. Районубузда жашылча-жемиштер менен кошо айтылуу Чоңгарынын дөөзиреси, гилас, алмурут өстүрүлүп чет жактарга дейре сатылып жатат. Ал эми малина менен кулпунайдын 200 тонна түшүмү Россия менен Казакстанга, 2000 тоннасы ички базарларга сатылып экспорттолду.

Ишкерлердин демилгеси менен ички дарыяларыбыздагы сууларды жетиштүү пайдаланууга назар салынып жаңы каналдар, суткалык суу топтоочу сактагычтар курулууда. Бөтөнчө чек арадагы кырдаалды калыс чечүүгө “Алга кадам” коомдук бирикмесинин аракети ар тараптан колдоого аларлык.

Шаймерден дарыясынан 27,8 чакырым узундуктагы жаңы каналды куруу советтик мезгилде да түшкө кирген эмес эле. Асанбай Пазылов баштаган азаматтар 3600 метр узундуктагы Саңги-Бала тоосунун жанынан абдан татаал таштарды тешишип, 4200 гектар дың жерлерге суу жеткирүүнү максат кылышкан.

Жумуш уюшкандык менен жүрүп жатат. Буюрса, келечекте канал бүткөндө үч жерге чакан суу сактагычтар ачылып, Ош – Раззаков унаа жолунун боюнда жашыл оазис, заңгыраган имараттар пайда болот деп ойлойм. Жогоруда биз белгилеген жумуштардын баары айылдагы жаштарды жумуш менен камсыздоого, алардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Дагы бир маселе, коңшулаш Тажикстан менен чек ара көйгөйүнүн чечилиши, чек аралаш айыл-кыштактардагы калкка жеңилдиктердин берилиши, Баткендин гүлдөй башташы, келкелинин келиши калк арасында кызуу колдоп кубаттоого ээ болууда.

Адылжан ЖАЖАНОВ,
журналист

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар