«Атажурттун тагдырында карапайым адамдардын тагдыры бар” деп акын айтмакчы, менин тагдырым да мекенимдин тагдыры менен ажырагыс болгондуктан, Кыргызстандын тагдырына эч качан кайдыгер караган эмесмин. 2023-24-жылдары республикалык II-III Элдик курултайга делегат болуп шайландым.
Акыркы жылдарда өлкөбүздүн турмушунда көп эле орчундуу окуялар болуп жатат. Кумтөр алтын кенинин улутташтырылышы чындыгында тарыхый окуя эмей эмне. Андан башка да, болуп көрбөгөндөй экономикалык өсүштөр болуп жатат. Темир жол курулушу жүрүп жатат. Машиналардын түр-түрүн чыгара баштадык.
Өлкөбүздө соңку 4 жылда саясий стабилдүүлүк орноду, экономика өстү, ички дүң продукция 1,3 трилл. сомго өсүп чыкты. Чек ара толук чечилип калды. Эл аралык мамилелер турукташып, инвестиция салуучулар көбөйдү, ички социалдык маселелер чечилип баштады.
Мектептер салынып жатат. 30 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөн цирк оңдолуп, шаардыктардын сүйүктүү жайына айланды. Өткөн 30 жылда мамлекет жаман башкаруучу, мамлекет завод, фабрика иштете албайт, аны жеке колдорго өткөрүп берүү керек деп мээбизге куюп келсе, соңку төрт жылда мамлекет завод да, фабрика да кура алаарын, курмак түгүл иштете алаарын далилдедик.
Коомдук аң-сезим өзгөрө баштады. Адамдар өзгөрө баштады. Мамлекет менен жаран ажырагыс нерсе экенин түшүндүк. Соңку төрт жылдагы жетишкендиктерибиздин бири –- Элдик курултай деп эсептейм. Президентибиз Элдик курултай институтун бекемдөөгө терең көңүл бурууда. Буюрса, эртеби-кечпи Элдик курултай өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылган керектүү институтка айланат.
Курултай институтун бекемдөө үчүн Конституциялык реформа өткөрүү жолу менен баш мыйзамга толук кандуу отургузуу керек деп ойлойм. Дегеле “кыргыз” этноними жана элибиздин келип чыгуу тарыхы боюнча мамлекеттик деңгээлде алгач мамлекеттин ичинде, анан эл аралык деңгээлде чоң илимий конференция өткөрсөк болоор эле. Тарых атасы Геродоттун кыргыз урууларына тиешелүү чыгармаларынан тарта, Атилла, Чынгызхан тууралуу санжыра-тарых китептерди оригиналынан (маселен, “Чынгызкандын купуя санжырасы”, Рашид-ад-диндин китептерин ж.б.) кыргызчалатуу керек.
Эң кымбат мурас — санжыра. Илимдер академиясында көп жылдан бери сакталган кыргыз урууларынын санжырасын, 1990-жылы жазылып алынган, Ысык Көлдөгү “Санжыра” музейиндеги сакталуу 200дөн ашуун санжыраны иргеп, изилдеп, тактап, китеп кылып чыгарсак, тарых илими үчүн пайдалуу маалыматтар табылаар беле деген ой кетет.
Арапбек АБДЫГУЛОВ, Бишкек шаары