whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБүтпөчүдөй, болбочудай сезилчү... же социалдык саясаттагы  жетишкендиктер

Бүтпөчүдөй, болбочудай сезилчү… же социалдык саясаттагы  жетишкендиктер

Президент Садыр Жапаровдун бийликке келгенине төрт жыл болду. Бул мезгилде Кыргызстандын экономикасында, социалдык саясатында (билим берүү, турак жай менен камсыздоо, социалдык келишим ж.б.) кандай иш-аракеттер жасалды? Ушул өңүттө сөз кылып көрөлүк.

Садыр Жапаров алгачкы кайрылууларында “Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 млрд. дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет”, – деп өлкөдөгү абалды ачык айткан.

“Кумтөр” буга чейинки бийликтин “капчыгы” жана саясый курал болуп келгенин билебиз. Көбүнчөсү “Кумтөрдөгү” “купуялуулуктарга” байланыштуу өкмөт башчылары алмашып турган. Болгону саясий эрк керек экен. “Кумтөр” эч бир эл аралык соттордун кийлигишүүсү жок эле саясий чечим менен мамлекетке алынды! Садыр Жапаровдун бийлигинин мындай иш-аракети коомчулук тарабынан абдан кубануу менен кабыл алынды.

“Кумтөрдүн”  кирешеси мурда биз укпаган сандарга чейин жетип, натыйжада пенсиялар жана жөлөк-пулдар этап-этабы менен көтөрүлүп отуруп, учурда 7000 сомдон ылдый пенсия жок. Ал эми жөлөк пулдар дагы мурда 2000 сомдун тегерегинде болсо, азыр алда канча жогору суммаларга жеткен.

Ал эми билим берүү тармагындагы мышык ыйлагандай абал, айрым аймактардагы окуучулардын контейнерден салынган же кулаганы турган эски үйлөрдөгү 30-жылдардагы мектептерден окушу, жетишсиз бала бакчалар, мугалимдердин социалдык жана моралдык абалы, билим сапатынын төмөндүгү эч качан чечилбей турган көйгөйдөй сезилчү. Буга кошумча өлкөдөгү саясий туруксуздук, сенек  экономика, күн сайын күчөгөн миграция, жаштардын чет өлкөгө болгон агымы токтобочудай көрүнчү.

Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн бир учурларда коомчулукка маанай көтөргөн жаңылыктарды, жакшылык иштерди чагылдыруу дагы чоң маселе болчу. Жаңы курулуштар, оңдоп-түзөөлөр жокко эсе болгон…

Ушул бөксөлөрдү жума сайын жаңы курулган заманбап, жаркыраган мектептердин, бала бакчалардын ачылышы толтурду. Ал тургай акыркы төрт жылдагы курулуштар, эгемендик жылдарындагы жалпы статистикадан дагы көп экени көңүл көтөрөт.

 Билим берүүдөгү ийгиликтер

Башканы айтпайлы, бир гана билим берүү тармагындагы жетишкендиктерге сереп салып көрөлү. Акыркы үч жылда өлкө боюнча 214 жаңы мектеп салынып, 431 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Төрт жыл аралыгында республикада 44 жаңы бала бакча курулуп, 13 бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми былтыркы 2024-жылы 320 билим берүү объекти: 268 мектеп жана 52 бала бакча курулган. Бийликтин билим берүүгө көңүл буруусунун жыйынтыгы ушундай. Билим сапатынын жогорулоосуна багытталган эл аралык нормаларга жетишүү максатында он эки жылдык билим берүү системасын ишке киргизүүнүн үстүндө иш-аракеттер жасалып жатат. Реформа ийгиликтүү ишке ашып кетсе, үзүрүн жаш муундар көрөт.

“Социалдык келишим” долбоору жемишин берүүдө

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу максатында “Социалдык келишим” долбоору үч жыл мурда башталган. Шарты “Социалдык келишим” түзгөн адам жөлөк пулдан баш тартып, өкмөттөн 100 миң сомдук бир жолку жардам алып, өз алдынча жеке ишкер катары иш баштоо болчу. Мындай ыңгайлуу шарттар көпчүлүктү канааттандырып, 2022-жылы 2800 жаран, 2023-жылы 10 миң жаран жогоркудай шарт менен 100 миң сомдон кайтарымсыз негизде алып, дээрлик басымдуу бөлүгү чакан ишкерлигин, фермер, дыйканчылык жана башка иштерин ийгиликтүү жүргүзүп кеткени белгилүү болгон. Бул тажрыйба жемишин берип жатканын баамдаган Министрлер Кабинети 2024-жылы 20 миң адамга берүү максатында республикалык бюджеттен 2 млрд. сом каражат бөлгөн. Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын жардамы менен 3 миң үй-бүлөгө да берилген. 2024-жылы бул долбоордун катышуучуларына 200 миң сом өлчөмүндө 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берилип баштаган. Атап айтсак, 2024-жылдын 1-декабрына карата 71 үй-бүлө каражат алган.

“Менин үйүм” турак жай программасы

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында алгачкы жолу жарандарды, анын ичинде аз камсыз болгон, бюджеттик мекемелерде иштеген, майыптыгы бар жарандарды турак жай менен камсыз кылуучу “Менин үйүм” турак жай программасы ийгиликтүү ишке аша баштады.

Башында бул программага каражат республикалык бюджеттин эсебинен берилсе, кийинчерээк финансылык булактардан инвестор тартылып жатат. Расмий маалыматтарга ылайык, өлкөдө 40 миңден ашуун жаран ипотека алуу үчүн кезекке жазылган.  Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компаниянын болжолдуу планы 20 миң адамды турак жай менен камсыз кылуу. Демек, дагы жасалчу иштер алдыда турат.

Өткөн жылдын декабрь айында Бишкектин Скрябин көчөсүнө Мамлекеттик ипотекалык компания курган 549 батир жана  “Мурас” турак жай комплексинен 510 батир ээлерине берилип, алардын кубанычын коомчулук бөлүштү. Арасында өмүрүн мамлекеттик кызматка арнап, өмүр бою батирден батирге көчүп жашаган аттуу-баштуу инсандар, жаш үй-бүлөлөр, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр да бар. Жалпысынан 1059 үй-бүлө ак өргөлүү болду!

Мындай керемет болот деп чынында, эч кимдин деле түшүнө кирбесе керек. МИК өлкөнүн баардык аймактарында: 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабаттуу үйлөрдү кура баштаарын ЖМКларга билдирди.

Күч түзүмдөрүнө көңүл бурулууда

Укук коргоо органдарына, анын ичинде УКМК менен ИИМ кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө башчысынын демилгеси менен райондордо УКМК кызматкерлери үчүн имараттар, көп кабаттуу батирлер салынууда. Ал тургай алардын балдары үчүн да атайын бала бакчалар ишке берилүүдө. Коргоо министрлигине биринчи жолу абадан коргонуучу дрондор сатып алынды. Бул кыргыз армиясын күчтөндүрүү аракети болду.

Мурда келишимдик негизде аскер кызматкери болуп иштөөгө айлык акынын аздыгынан жаштар кызыкпайт болчу. Дайыма кадр жетишсиздиги кендирди кесип келген. Акыркы жылдары бардык укук коргоо органдарынын айлык маяналары жогорулады. Андан улам, мурда дайыма вакант болуп турган жумуш орундары азыр жок. Тескерисинче жумушка кирем дегендер кезек күтүп жатышат.

Садыр Жапаровдун саясый чечимдеринин негизинде жасалган, карапайым калкка сезилген, калк кубаттаган иштеринин айрымдары тууралуу гана сөз кылдык. Президенттин “Биз 2025-жылы талбаган эмгектин аркасында гана жаңы-жаңы жетишкендиктерди багындырабыз деген ишеничим чоң. Жаңы жылда чет элдик инвестицияларды тартуу жана ишкерликке кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү иштерин арттырабыз. Илим менен билимди, инновацияны, IT секторун, “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө жана санарип технологияларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Өнөр жай ишканаларын ачуу менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын кирешесин жогорулатууга басым жасалат. Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнү жаңы деңгээлге көтөрөбүз” деген билдирүүлөрү бул жылы да күтүлбөгөндөй жакшы иштер, жетишкендиктер болорунан кабар бергендей. Кыргызстаныбыз өнүгө берсин!

Сайрагүл ДУУЛАТОВА,
журналист, “Кадам-медиа.кж” маалыматтык порталынын редактору

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар