Ааламдашкан дүйнөдө ар бир жаранга «дем берип», «дүйнөлүк бийиктикти» мелжеген «Уңгу жол» зарылдыгы «Биз ким элек, ким болдук, кайда барабыз, ким болобуз?» деген суроодой эле өтө маанилүү жана мыйзамченемдүү. Мындан эч кайда кача албайбыз.
Кыргыз мамлекети соңку 34 жылда далай чарпылдык, далай жаңылдык, үч ынкылапты башыбыздан кечирдик. Мунун бирден бир себеби идеологиянын жоктугу эмес. Түпкүлүгүндө, идеология жок эмес, бар. Бийлик алмашкан сайын идеология жазуу менен алектенип көрүштү. Тилекке каршы, анын баары кагазда калды, асти калайык-калкка, жарандарыбызга жетпеди.
Эгер ар бир жарандын «эл», «мекен» деген сезимдерин ойготуп, дем берип, канат байлатпаса, күнүмдүк жашоо-тирилигине таасирин тийгизбесе, анда аны эч ким карманбайт.
Ар бир жарандын бакубаттыгы же экономика
Өз тарыхынын бурулуш этаптарында тутуна турган «Уңгужолун» так кесе аныктап, социалдык-экономикалык жактан илбирс секирик жасаган элдердин тажрыйбасы бул дүйнөдө бар. Кытай кыска мөөнөттө миллиарддаган элин жакырчылыктан сууруп чыгып, дүйнөдөгү эң алдыңкы экономикага жетишинин бирден-бир сыры мамлекеттик кызматкерлердин ар бири Конфуцийдин этикалык-философиялык окууларына таянышып жана анын социалдык-саясий ченемдерин иш жүзүндө карманышат.
«Экономикалык сыйкырды» жараткан Дэн Сяопиндин «кара мышыкпы, ак мышыкпы айырмасы жок, чычкан кармаса болду» деген атактуу сөзү «кандай ишкерлик менен алектенсеңер да, өзүңөргө жана мамлекетке пайда алып келе тургандай болсун» маанисинде ар бир кытай жаранын эле эмес, жалпы мамлекеттин экономикалык системасын аңтар-теңтер кыла өзгөртүп, аз убакыттын ичинде эң күчтүү кыймылдаткычка айланган. Бул сөз жөнөкөй көрүнгөнү менен пландуу социалисттик экономиканын алкагынан чыгып, экономикадагы бардык буроочторду жумшартып, либералдаштырат.
Дэн Сяопиндин бул реформасы «орто бай коом же кытай модернизациясы» деп аталган. Азыркы күндө Кытай өнүгүүсүнүн экинчи этабын: «социализм менен жогорку технологиянын конвергенциясы» деген түшүнүктү иштеп чыгышты. Ал эми бүгүнкү Түркия — Ататүрктүн реформаларынын натыйжасы. Ал өлкөнүн саясий жана экономикалык багыттарын аныктоо менен бирге, билим берүүгө өзгөчө көңүл бурган. Бир сапар элдин алдында колуна түрк жараны тиккен ич кийимди булгалап, «Биз мекенибиздин өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн өзүбүздүн так мына ушундай буюмдарыбызды сатып алалы» деген жоругу канча бир жарнамадан да натыйжалуу болгон.
Ар бир түрк жараны дени сак, бакубат болушу үчүн эмне кийип, эмне ичерине чейин иретке салып, адамдын ыйманы, адеп-ахлагы оронуп-чулганууга байланышпастыгын өзүн да, аялын да стилдүү кийинтүү менен көрсөткөн. Азыр анын идеялары «кемализм» деген аталышта бир улуттун идеологиясы болуп калды.
Ал тургай улуу Шекспирдин кылымдар өтсө да, ар бир доордун рухий талаптарына ылайык келе берген үчүн өлбөс-өчпөс, кызыктуу болушунун бирден бир себеби, анын чыгармаларында жөн гана аморфтуу идеялар, эфемердик сезимдер айтыла бербейт, түпкү негизинде адамдардын социалдык-экономикалык карым-катнаштары жата турганын унутпашыбыз керек. Анткени саясий-социалдык, рухий-маданий өнүгүү менен экономикалык өнүгүү чырмалышкан, бирисиз бири жок, бирин бири шарттап турат. Ошондуктан «Уңгужолдо» жеке менчиктин кол тийгистигине мамлекеттин кепилдиги, ар бир жарандын ишкерлик менен алектенип, өзүнүн талантын, акылын-мээсин, күчүн-күнүн арнап өзү да бакубат жашап, ал аркылуу мамлекет үчүн пайда алып келе турганы сөзсүз жазылышы керек.
«Уңгужолдо» кыргыз эли жана жеринин руханиятына көбүрөөк басым жасалгандай таасир калтырат. Экономикалык өнүгүүдө социалисттик – пландоо, мамлекеттик менчикке ыктайбызбы же рынок экономикасынын принциптерин карманып, ишкерликке либералдуу мамиле жасап Япония же Сингапур сыяктуу «Азия экономикалык арстандарынын жолу» менен кетебизби!? Бара турган жолду аныктап алуу ушундан башталышы керек.
Тактап айтканда, кандай экономикалык жолду тандап алабыз? Анткени бардык саясий-идеологиялык, социалдык-маданий маселелер экономика менен тыгыз байланыштуу. Мамлекет экстративдик институтту – жалпы элден коомдун бир катмары үчүн гана киреше алууну тандайбы, же инклюзивдик институтту – ар бир жаранга экономикалык ишкердикке түрткү берип, шыктандырып, шык-жөндөмүн, акыл көрөңгөсүн жана билимин пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүп бере турган ыкмаларды колдойбу?
Жобонун «экономика» боюнча бөлүмүндө ар бир жаранды иш менен камсыз кылуу аркылуу тышкы миграцияны азайтуунун мааниси белгиленсе жакшы болмок. Анткени бул биздин өлкөнүн көп жылдардан бери чечилбей келаткан, улуттун генофондун, демографиялык өсүшүн, физикалык жана психологиялык-рухий саламаттыгын сактоодогу көйгөйлүү маселелеринен. Тышкы миграция жөн гана эмгек миграциясы эмес, улуттун интеллектуалдык – акыл-мээ генофондуна, жашоо образына, адеп-ахлагына таасирин тийгизүүчү күчтүү фактор. Эмгек жана «акыл» миграциясын чече турган жолдор аныкталса, рухий дөөлөтүбүз «Манастын» «Кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган» деген насыятын ишке ашырган болор элек.
Ушул эле жерге тышка агылып кетип аткан «мээ» –таланттуу, креативдүү, чыгармачыл жаштардын башка өлкөлөрдөн билим алуу максатында кетип, кайра өлкөгө кайтпай калышы интеллектуалдык-рухий жоготуу болуп санала тургандыгын жана алардын интеллектуалдык ресурстарын, демин, күч-кубатын өлкөбүз үчүн натыйжалуу пайдалануу жолдору сөзсүз сунушталат деп ишенем.
Улуттук билим берүү тутумун калыптандыруу
«Уңгужолдогу» «Таалим-тарбия, илим, билим жана маданият» боюнча биринчи бөлүмүндө белгиленген «Кыргыз Республикасынын билими жогору, көптү билген, ошону менен бирге кесипкөй, жаратман адистерге болгон муктаждыктарын жоюунун кечиктирилбей колго алынышын» ишке ашыруу үчүн адегенде эле азыркы билим берүү тутумун өзгөртүү сөзсүз белгиленип, бүгүнкү кыргыз билим берүүсү дүйнөлүк билим берүүнүн чакырыктарына жана философиясына интеграциялашабы, же бир буту социализмде, бир буту Болон системасында эки анжы бюнча тура береби!? деген суроого так кесе жооп берилиши зарыл болчу.
Анткени кыргыз билим берүүсү жана илим изилдөөсү советтик методология жана методикасы менен азыркы дүйнөлүк билим берүү стандарттарынын айрым компоненттеринен туруп, эки ача жолдо келатканына чейрек кылым болуп калды. Бул өтө чоң убакыт, бул жылдардын ичинде миңдеген жаштар мектепти, жогорку окуу жайын аяктап чыгып кетишти. «Уңгужолдогу» билим берүү концепциясын ишке ашыруу үчүн белгиленген милдеттердин бардыгы эле так ушул маселенин чечилишине байланыштуу. Билим берүүдөгү эки ача тутум жана коммерциялашуу билим-илимдин сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Эгерде «Уңгужолдогу» ушул жобону ишке ашыруу үчүн Япониянын тажрыйбасындай таланттуу жаштарын дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынан окутуп-бышырып, бардыгын кайра алып келип өлкөгө иштете тургандай болуш керек. Же болбосо Казакстандын тажрыйбасындай дүйнөнүн эң алдыңкы 50 өлкөсүнүн катарына кошулуу дымагын ишке ашырууда мамлекет каржылап, 5 жылдын ичинде 20 миңдей мектеп мугалимин Кэмбриж университетинен кайра даярдоодон өткөрүп, бир топ жогорку окуу жайларында табигый илимдерди (биология, химия, математика) англис тилинде, эне тилин жана адабиятын, тарыхын казак тилинде, калган дисциплиналарды орус тилинде окутууну киргизип, илимий кадрларды даярдоо, изилдөө багытында советтик методологиядан чыгып, толугу менен дүйнөлүк билим берүү тутумуна интеграциялашып кеткидей чечимдерди кечиктирбей кабыл алууга эмнеге болбосун!?
Башка өлкөлөрдүн тандап алган жолун жана жетишкендиктерин айтууну аларды тууроо катары кабыл алуу бери эле дегенде жаңылыштык. Буга чейин адамзат ойлоп таап, басып өткөн тажрыйбаларды улуттун өзөктүү баалуулуктары менен айкалыштыра батыл кадамдарды жасоо мезгил талабы!
Бүгүнкү дүйнө ачык дүйнө, себеби IT технологиянын өнүгүшү, чыпкасыз интернет желелери ар бир жаранды тургай, ар бир өлкөнү жакынкы жана алыскы кошуна мамлекеттер менен тең катар кадам таштоого, тынымсыз тажрыйба алмашууга мажбурлайт. Ошондуктан «Уңгужолдун» түпкү максатындагы улутубуздун өзүнүн, уникалдуу жеке жолуна түшүү аракетин ишке ашыруу үчүн дүйнөнүн илим, билим жана саясат, экономика жана технологиядагы жетишкендиктерине таянуу зарылдыгы бар экендигин танууга болбойт. Андай болсо, «Уңгужолдогу» билим берүү концепциясын ишке ашырууда бакубат, күчтүү, кыргыз мамлекетинин келечегин камсыздоого кудурети жете турган жаш адамдын модели улуттук баалуулуктарды кан-жанына сиңирген – жаңы технология – англис тилин өздөштүргөн – дени сак (мектептин, жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү кандай көндүм, билим жана билгичтикке ээ болушу керек) болушу башкы максат жана акыркы натыйжа болуп калышы керек.
Мамлекеттик тил
Улуттун иденттүүлүгү, ар бир жарандын иденттүүлүгүнөн келип чыга турганын унутпайлы. Ар бир жаран шыктанып, өзүнүн жеке келечегин, бактысын, тагдырын мамлекет менен тыгыз байланышта көргөн учурда гана улутубуздун маданиятын, тилин көздүн карегиндей сактоо көйгөй болбой калат. Ушул өлкөнүн жараны болгондугуна жеке сыймыктануу сезими жаралганда гана улуттук тил, улуттук баалуулуктарды кармануу маселеси чечилет. Ошондуктан биздин өлкөнүн ар бир жаранына татыктуу адилет мамиле жасалып, адамдык укуктары жана эркиндиги сакталып, өнүп-өсүүгө шарт түзүлүп, ишенимдүү сапаттуу билим берүү жана медицина менен камсыздай турган социалдык-экономикалык негиз жаратуу башкы максат болуп кала берет.
Дени сак жаран – дени сак улут
Ар бир жарандын ден соолугу, сергек жашоо образын камсыздоо үчүн медициналык кызматкерлерди даярдоодон тартып, медициналык мекемелердин иштөө тартибине чейин улуттун сандык жана сапаттык өсүшүнө багытталып, улуттун дене жагынан эле эмес рухий саламаттыгын сактоо үчүн иш жүзүндөгү чаралар аткарылышы зарыл. Ар бир адамдын өз ден соолугуна кам көрүүсү культка айландырылып, театр, китеп окуу, искусствонун башка түрлөрүнө кызыктыруу, тартуу, жайылтылып, эң башкысы ар бир жарандын өзүн өзү өнүктүрүүсүнө дем берип, шарт түзүү максат.
«Уңгужол» көздөгөн асыл идеялар менен бирге ушул бүгүн өлкөбүзгө заттык да, заттык эмес да залака келтирип, калың элдин белин мертинтип жаткан коррупция, непотизм жана трайбализм сыяктуу «жамандыктардан» кутулуунун жолдору-ыкмалары да сөзсүз аныкталат деп ойлойм. «Уңгужолдогу» белгиленген ар бир «идеяны» калк арасына кеңири жайылтуу үчүн массалык маалымат каражаттарында ар кандай форматтагы иш-чаралар, талкуулар, лекциялар уюштурулуп, түшүндүрмө китепчелер жазылып, таасирдүү сюжети менен аудио, видео роликтер тартылар.
Жободо жазылган ар бир идеянын астында бекем, ишке аша тургандай турмушка негизделген «фундамент» турбаса, тамырынан ажырап, шамалга учкан каакымдай болуп калуу тобокелчилиги бар. Анткени ааламдашуу доорунун чакырыктары, геосаясий оюндар өзөгү жок ойду эмес, так «кол менен кармап» көрүүгө боло турган натыйжаларды талап кылат. Ар бир жаран ынанып, жа-шоосунда колдоно тургандай түшүнүктүү инструменттер болбосо, «куру сөз, курсак тойгузбайт».
Ар бир кыргыз жаранынын өзүн өзү аңдоосуна, иденттүүлүгүнө таасир бериши үчүн «Уңгужолдун» «Негизги багыттары кайсылар жана алардын ар биринде эмнелер айтылган, аны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек!?» деген маселе күн тартибинде турганда гана «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңбейт»! Дагы кайталап айтарыбыз: «Уңгужолдогу» мүдөө ар бир жарандын жүрөгүнө-акылына жетмейинче, калктын турмушу менен өтмө катар байланышып турмайынча символикалык мүнөздө кагаз боюнча кала берери бышык. «Уңгужолдун» принциптерин өлкөнүн карапайым ар бир жараны менен бирге бийликтин бардык бутактарындагы ар бир инсан чогуу карманган учурда гана улуттук уңгунун даңгыр жолуна түшүп, дүйнөлүк бийиктиктерди багындыра турган дем, күч-кубатка ээ болорубуз бышык.
Венера АКМАТОВА,
филология илимдеринин доктору, профессор