Эл аралык мамилелердин өнүгүшү дүйнөлүк тарыхта тигил же бул өлкө-
нүн жетекчилерине – президенттерине, премьер-министрлерине, спикерлерге, саясий партияларга жана коомдук кыймылдардын жигердүүлүгүнө, чечкиндүүлүгүнө байланыштуу болоору коомчулукка жакшы белгилүү.
Мамлекеттин тышкы саясатын туура, так жүргүзүү ошол өлкөнүн ички саясий, экономикалык жана маданий-социалдык абалынын туруктуулугу коңшулаш жана чет өлкөлөр менен өз ара карым-катнаштарды, соода-сатык иштерди ырааттуу өнүктүрүүгө мыкты шарт түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун бийликке келиши менен жылдан жылга экономикалык өсүштөрдүн алдыга жылышы, коомдогу саясий туруктуулуктун сакталышы, мамлекеттик күч мекемелеринин калк арасында тартипти орнотууга жасалган ийгиликтүү аракеттер, коңшу мамлекеттер менен бир туугандык мамилелерди түзүүгө жетишүү аракеттер тышкы саясатты максаттуу, ырааттуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүргүзүү, өнүктүрүү боюнча мамлекеттик идеологиянын башында Президент өзү турганы анын акыркы жылдардагы жүргүзүп жаткан расмий сапарлары аныктап турат.
Байыркы көчмөн кыргыз элинин укумдан-тукумга өтүп келе жаткан элчиликтин эрежелери азыркы дипломатиялык иш-аракеттердин тартиптерине, мыйзамдарына, жоболоруна окшош.
Мисалы, кыргыз эли алыстан ат арытып келген казак, өзбек, түркмөн, тажик, уйгур, кытай, орус меймандарын тосуп алууга дүйнөлүк дипломатиялык эрежелердей эле тосуп алышкан. Алсак, ар бир кадырлуу меймандын отура турган орду, тамак-ашы, сүйлөшө турган сөздөрүнүн мааниси, чер жаза турган ыр-күү, жата турган конок үйлөр, сакчылар күн мурунтан даярдалчу. Дагы бир өзгөчөлүгү, сырттан келген бийик даңазалуу меймандарды улуттук үлгүдө тигилген кийимчен жоокерлер, эң мыкты ат жасалгалуу жоокерлер, улуттук кийимчен сулуу кыздар колдоруна нан, сары май, каймак кармап тосуп алышкан.
Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги менен чет өлкөлөрдөн келген бийик даражалуу мамлекет башчыларын улуттук нарк менен тосуп алуу традициялары калыптанууда. Кыргыз дипломатиясынын тарыхында биринчи жолу Түркия Республикасынын Президенти Таип Эрдоганды улуттун жүзүн, салтын, маданиятын даңазалаган эреже менен тосуп алышы бүтүндөй кыргыз элин кубантты.
Акыркы жылдары Президенттин тышкы саясатты өнүктүрүүнү ырааттуу, максаттуу түрдө иш жүзүнө ашырууда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри тажрыйбалуу, билимдүү, кесипкөй дипломат Жээнбек Молдоканович Кулубаев көп иштерди аткарууда. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Азымбакиев Муратбек Абакировичтин эмгектери да баа жеткис.
Ошондой эле, министрликтин кызматкери жана чет өлкөлөрдө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп күн-түн дебей эмгектенип жаткан элчиликтердин тобунун татыктуу иштеринин натыйжасы. Бул элчилердин ичинде тажрыйбалуу, билимдүү бир нече тилде эркин сүйлөгөн кесипкөйлөрү бар. Арасында тилинен чаң чыккан чечендери, орчундуу маселени чечүүдө камырдан кыл сууругандай ыгын таап, ийгиликтүү чече ала тургандар, ар бир сөздү салмактап, терең талдап кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон эпчил дипломаттар жетиштүү.
Президент Садыр Жапаровдун тажрыйбалуу, кесипкөй дипломаттардан турган ынтымактуу командасы тышкы саясатты өз убагында билгичтик менен чечүүдө. Анын үстүнө акыркы эки жылда Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти катары эл аралык деңгээлдеги коомдук-саясий ишмерлердин чет өлкөлүк мамлекеттердин арасында өзүнө тиешелүү кадыр баркка ээ боло алды. Буга анын өзү теңдүү президенттер менен тең ата сүйлөшө алышы, алардын жүйөлүү талаптарын уга билиши, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодогу кандай маселе болсо дагы, өз оюн так, ачык, чечкиндүү айта алышы. Ошондой эле, президенттер менен жолугушууда өзүн эркин, тыкан алып жүрүшү, эл аралык кеңешмелерде, жолугушууларда өзүн токтоо кармай алышы, жөнөкөйлүгү, жагымдуу жылмаюусу менен эл аралык коомчулукта өз ордун таба алды. Ар кандай сыноолорго карабастан, Орус Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк мамилесин чыңдай алды.
Президенттин коңшулаш жашаган мамлекеттер менен көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселесин чече алышы анын чечкиндүүлүгү. Ата мекен үчүн күйүп-бышып иштеген элдин жетекчиси экендигин аныктап, элдин мүдөөсүн аткара алды. Өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстандын Президенттери менен тил табыша билгендиги, анын коңшулаш элдердин илгертеден бери сакталып келе жаткан бир туугандык асыл баалуулуктардын булагын ача алгандыгында болду.
Садыр Жапаровдун “Кыргыз мамлекети Баткен жеринен башталат”, – деген сөзү азыр да ар бир кыргызстандыктын жүрөгүнөн орун алып, мамлекеттик ураан катары сезим калтырды. Жусуп Абдрахманов өз убагында В.И.Сталинге улам-улам кат жазып жатып Баткенди, Сүлүктүнү сактап калган ыйык аманаты, сүйлөшүүлөр жолу менен тынчтыктын жолунда чек арабыздын чечилиши бул кылымдын жеңиши катары эсептесек болот.
Көптөгөн жылдар бою коңшулаш өзбек мамлекети менен кирип чыгуу чоң маселеге айланып, чек араны чечүүгө эч ким даай албай, ал жөнүндө сүйлөөдөн корккон мезгилдер болгон. Садыр Жапаровдун чечкиндүүлүгү, айтканынан кайтпаган өжөрлүгү бул маселени чечүүгө көптөгөн адистерди мажбурлады. Кээ бир саясатчылар бөйрөктөн шыйрак чыгарып элдин башын айлантууга аракет жасашты. Бирок, Президент элдин тынчтыкта жашоосун биринчи орунга коюп, эки мамлекеттин тең кызыкчылыгын коргогон саясатка таянып, ишти адилеттүү чече алды. Ал тургай эки өлкөнүн соода-сатык, өндүрүш, маданият тармагындагы кызматташуусу болуп көрбөгөндөй өсүшкө жетүүдө.
Тилибиз бир, дилибиз бир, салтыбыз бир коңшулаш казак туугандар менен бардык тармактан кызматташуу өз деңгээлинде жүрүүдө. Эки өлкөнүн бири-бирине болгон ишеними артып Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду биринчи даражадагы “Достук” ордени менен сыйлашы кыргыз элине, кыргызстандыктарга жасаган эң чоң сый-урмат экендигин айгинелеп турат. Мындай жылуу мамилелер эки элдин достугун, кызматташуусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Венгр мамлекетинин премьер-министрин дагы чоң салтанатта тосуп алышы Кыргызстандын Европадагы эң жакшы мамиле түзгөн өлкө катары бааланды.
Коңшулаш Кытай Эл Республикасы менен эл аралык кызматташуу жаңы бийиктикке көтөрүлүп, эки мамлекеттин бири-бирине болгон ишеними күч алды. Буга акыркы жылдары кытай мамлекети менен Садыр Жапаровдун электр тармагын өнүктүрүү багытындагы күндүн, шамалдын күчү менен электр кубаттуулугун иштеп чыгуучу станцияларды курууну кубаттоосу мактоого татыйт.
Садыр Жапаровдун тоолуу өлкөлөрдөгү ак мөңгүлөрдү сактоо демилгеси быйыл дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери тарабынан колдоого ээ болушу анын дүйнөлүк деңгээлдеги ой жүгүртүүдө өзүнүн жактоочуларын таба алганын көрсөтөт.
Президент Садыр Жапаров 1924-жылы эле 25 мамлекетке расмий жана жумушчу сапар менен барып кыргыз мамлекетинин ал өлкөлөр менен мындан ары эки тараптуу кызматташуулары боюнча келишимдерди түзүүгө жетише алды. Өзгөчө Азербайжан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Казакстан, Германия, Австрия, Россия жана Италияга барган сапарлары өтө жемиштүү болду. Айрыкча Европанын эң байыркы мамлекети болуп эсептелген Италиянын Рим шаарында эгемен Кыргыз Республикасынын кызыл желегинин желбиреши ар бир кыргызстандыкты толкундатпай койгон жок.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тышкы саясатта жүргүзгөн дипломатиялык ыкмалары өтө жемиштүү, үзүрлүү болуп, дүйнөлүк коомчулукта жогорку баага татыктуу болууда.
Асан ОРМУШЕВ,
тарых илимдеринин доктору, профессор