whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
21.03.2025
11.1 C
Бишкек

Өлкөдөгү өзгөрүүлөр

28-январда Президент Садыр Жапаровдун расмий кызматына киришкенине төрт жыл болот. Бул убакыттын ичинде өлкөбүздө болгон өзгөрүүлөр тууралуу ар түрдүү тармактарда иштеген замандаштарыбыз төмөнкүдөй пикирлерин билдиришти.

“Балдарыбыз бардык шарты бар мектептерде билим алып калышты”

Журналист Тынчтык Алтымышев акыркы 4 жылда өлкөнүн социалдык абалы жакшырганын, журналисттер үчүн 2024-жылы биринчи жолу 10 миллион сом байге фонду коюлган сыйлык уюштурулганын айтты.

“Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен Кыргызстанда бир топ ийгиликтер болду. Анын ичинде социалдык тармакка көп көңүл бурулду. Социалдык абалыбызды жакшыртуу багытында иштер көп жүрдү. Ачык булактарга таянсак, 4 жылда 700гө жакын объекти курулуп, пайдаланууга берилиптир. Жыл сайын жүздөгөн мектептер, 30-40дай бала бакча, 3-4 оорукананын корпустары курулуп жатыптыр.

Андан сырткары таза суу маселеси чечилип жатат. Спорт залдар курулууда. Бир кездери окуучулар авариялык мектептерде билим алып калган болчу. Азыр эми ал мезгилдин баары артта калып, балдарыбыз жаркыраган, бардык шарты бар мектептерде билим алып калышты.

Айрыкча 2024-жылы Кара кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 өндүрүштүк ишкана ачылды. Андан сырткары 180ге чукул мамлекеттик объект ишке берилди. Облустук жетекчилер кээде ачылыштардын баарына катышууга  жетишпей калган учурлар болгон.

Мисалы мен акыркы 3 жылдан бери Нарында жашап жатам. Буга чейин Нарын шаарына эч ким көңүл бурган эмес болчу. Мектептер, ооруканалар баары жаңыланып, жолдор капиталдык ремонттон өттү.

Садыр Жапаров бийликке келгенде эле журналисттерге ачык экенин, журналистиканы колдой турганын айткан. Буга чейинки бийликтегилер журналисттердин коррупция, уюшкан кылмыштуу топтор тууралуу иликтөөлөрүнө көңүл бурбайт болчу. Азыр болсо бүгүн кечинде иликтөө чыкса, эртеси күнү УКМК, ИИМ дароо реакция кылып жатат. Кыргызстанда биринчи жолу журналисттер үчүн 10 миллион сом акча бөлүнүп сынак жарыяланды. Бул да болсо Садыр Жапаровдун журналисттерди колдоосу. Мамлекеттик гезиттерге, облустук телеканалдарга колдоолор болуп жатат. Ушунун баарын көрүп туруп анан кантип мамлекет журналисттерге кысым жасап жатат деп айтабыз, колдоо болуп жатканын көрүп турабыз го”.

“Дарыгерлердин маянасы акыркы 4 жылда 3 жолу көтөрүлдү”

Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практика борборунун директору Орозбек Муратов медицина кызматкерлеринин маянасы Садыр Жапаров бийликке келгенден бери 3 жолу көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Садыр Жапаров бийликке келгенден бери медицина кызматкерлерине жакшы көңүл бурулууда. Мисалы дарыгерлердин маянасы акыркы 4 жылда 3 жолу көтөрүлдү. Бул ак халатчандар үчүн өтө чоң стимул болду деп айтсак болот. Айрыкча чет өлкөдө иштеп жүргөн дарыгерлерибиз мекенге кайтты. Ооруканалар капиталдык ремонттон өтүп, жаңы имараттар дагы салынууда. Орган алмаштыруу боюнча жаңы оорукананын имараты түптөлүп баштады. Кыргызстандагы бардык ооруканалардын материалдык-техникалык базасы чыңдалып жатат. Кыргызстандагы бардык ооруканаларга кеминде 2-3төн тез жардам унаалары берилди.

“Кыргызформация” ишканасы түзүлүп, ал жерде дары-дармектер чыгарылууда. “Эламан” мамлекеттик дарыканалары жер жерлерде ачылып, элди арзан дары дармек менен камсыздоодо. Кыргызстандагы дарыгерлер жетишпеген аймактарда алардын айлыгынан сырткары 20 миң сомдон кошумча төлөнүп берилүүдө. Бул кадрларды кармоодогу алгылыктуу иштердин бири деп айтсак болот”.

“Мамлекет билим берүүнү дайыма колдоп турса…”

Бишкек шаарындагы №66 мектеп гимназиясынын мугалими Адилет Амангулов мурункуга салыштырмалуу кагаз иштери азайып, электрондук күндөлүктөр киргени мугалимдердин ишин жеңилдетти дейт.

“Акыркы 4 жылдын аралыгында билим берүүдө жакшы колдоолор мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жатат. Алып карасак, бийлик өлкө боюнча жаңы көптөгөн мектептерди, бала бакчаларды ачты. Ошондой эле оңдоп түзөөгө муктаж болгон мектептерди, бала бакчаларды реконструкциядан өткөрдү. “Жылдын мыкты мугалими” наамын жеңген мугалимибизге батир тапшырылды. Бул жалпы Кыргызстандагы мугалимдерге стимул болду. Жеке мугалим катары айтсам, мамлекет билим берүүгө дагы да колдоо кылып турса…

Мурункуга салыштырмалуу кагаз иштери азайып, электрондук күндөлүк, журнал колдонуп, жалпы мугалимдердин жумуштары жеңилдеп бара жатканы ырас. Билим берүү министрлигинин “Санарип Кампа” программасын колдоно баштадык. Бул мугалимдерге кыйла жардамын тийгизип жатат, алдыда Stem предметинин мугалимдерине мамлекет убадалаган ноутбуктар даярдалып жатат, буюрса колубузга тийип калат деген үмүттөбүз”.

“Райондук музейлерге, маданият үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулууда”

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу А.Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музейинин директору Акзинат Тешебаева акыркы жылдары аймактардагы музейлерге жетиштүү көңүл бурулуп жатканын айтат.

“Убагында маданий үйлөр, клубдар, кинотеатр-лар унутта калып, бузулуп кеткендери да көп болду. Бирок, азыркы күндө маданият тармагына көңүл бурулуп,  кайрадан  оңдоп-түзөө иштери жүрүп, Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты  оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү жана дагы  көптө-гөн райондук, айыл-дык имараттар оңдолуп жана кайра курулуп жатат.

Ошондой эле ушул күнгө чейин эстеликтер каралбай келсе “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый- маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 токтомунун негизинде  Кыргызстан боюнча эстеликтер жер жерлерде такталып, документ иштери жүргүзүлүп, коргоо иштери жүрүп жатат.

Министрлик бизге окшогон алыскы аймактардагы райондук музейлерге, маданият үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууда. Мисалы, биздин райондук маданият үйүнө министрлик тарабынан жаңы эмеректер, компьютерлер, формалар, музыкалык аспаптар алынды. Райондук музейге да экспонаттарды сатып алуу үчүн акча бөлүнүп, улуттук тарыхый экспонаттарды сатып алдык.

Маданият министрлиги мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын чоң аппаратураларды сатып алды. Эми мурдагыдай иш-чараларды өткөрүү үчүн жеке жактардан ижарага албай калабыз. Музыкалык окуу жайлардын материалдык техникалык базасы дагы чыңдалды”.

“Жаш кадрлардын маянасы аздыгы өкүнүчтүү”

Ж. Баласагын атындагы КУУнун улук окутуучусу Таалайгүл Иманалиева университеттеги жаш кызматкерлердин маянасын көтөрүү зарыл деген ойдо.

“Буга чейин ЖОЖдо 1 ставкага 16 миң сом маяна алсак, азыр 24 миң сомго көтөрүлдү. КУУнун окуу имараттары, жатаканалар акыркы жылдары капиталдык оңдоодон өттү. Мугалимдердин илимий иштерине да колдоолор жакшы болууда.

Жаш кадрлардын маянасы аз болуп жатканы мени өкүнтөт. Мугалимдердин айлык акылары да башкалардай 50-60 миң сомго жетсе жакшы болмок”.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар