whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.03.2025
6.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкӨрт кырсыгы катталганда төмөнкүлөрдү эске алыңыз!

Өрт кырсыгы катталганда төмөнкүлөрдү эске алыңыз!

2025-жылы 17 күн ичинде Свердлов району боюнча 12 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1.7 млн. сомдон ашык чыгым келтирилген. Өрттөн каза тапкандар жана жаракат алгандар жок.

Өрттү өчүргөнгө караганда анын алдын алуу жеңил. Андыктан, өз үйүңүздү өрт коркунучунан коопсуз кылуу менен жакындарыңыздын өмүрүн жана үй-мүлкүңүздү сактай аласыз.

Эсиңизде болсун!
-Иштелип жаткан электр приборлорун көзөмөлсүз калтырбаңыз;
-Бузук электр розеткаларын, вилкаларын колдонбоңуз;
-Газ приборлорун орнотууда,оңдоодо адистерге гана ишениңиз;
-Жылытуу сезону башталаарда мешиңизди текшерип, бузулган жерлерин ондоңуз;

Эгер өрттү байкап калсаңыз, дароо өрткө каршы кызматына (101, 112) чалып, толук адресин, эмне күйүп жатканын, өзүңүздүн аты-жөнүңүздү жана телефон номериңизди билдириңиз. Өрт чыккан жерде кимдир бирөөгө коркунуч туулганын байкасаңыз, жакын жердеги адамдарды жардамга чакырыңыз.

Бишкек шаардык Свердлов райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрттү өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, капитан Мураталы уулу Р.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар