Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-январдагы жалпы жыйынында депутаттар TikTok кызматын бөгөттөн чыгарып, платформанын жетекчилиги менен кызматташууну суранышты.
Депутат Марлен Маматалиев аталган сервис жабылганы менен жаш балдарга чейин тиркемени VPN аркылуу колдонуп жатканын айтып, мындан пайда жок экенин белгиледи.
“Азыр Tik-Tok соцтармагынын Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур. Ал Кыргызстанга келип бул жактан өкүлчүлүк ачып берейин, укук коргоо органдары менен чогуу иштейли, алардан маалымат түшсө заматта баракчаларды жаап турам деп айтыптыр. Биз болсо сервисти жаптык дегенибиз менен азыр баары, өзгөчө окуучулар активдүү колдонуп жатышат. Ошондуктан тиешелүү министрлик сервистин жетекчилиги менен таанышып, Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачсак”, — деди Маматалиев.
Дастан Бекешев кесиптешин колдоп, Tik-Tok учурда жарнама аркылуу туризмди өнүктүрүүгө да жардам берерин кошумчалады.
“Өкмөткө бул тууралуу дагы ойлонуп, бөгөттү алып салууну сунушутайм”, — деди Бекешев.