Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин Талас аймактык бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тактап айтканда, аймактык №3 бөлүмүнүн башчысы К.К.О, Талас облусундагы автожолдорду оңдоо жана куруу боюнча аткарылган иштерди сын–пикирлерсиз кабыл алуу үчүн жол эксплуатациялоочу ишканалардын башчыларынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алганы аныкталган. Бул асфальтталган жолдордун сапатына терс таасирин тийгизген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.