Жыл сайын, ай сайын жол коопсуздугу боюнча ар кандай рейддер деле жүрүп жатат, жолдо жүрүү эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жаза, айып пулдар деле көбөйүп жатат… Тилекке каршы, мындан аракка болушунча тоюп алып айдаган айдоочулардын саны азайган жок.
Өткөн ишемби, жекшемби күндөрү Кыргызстан боюнча “Бахус” рейди жүрүп, анын жүрүшүндө автоинспекторлор тарабынан 97 мас айдоочу кармалды. Эки күндө 97 мас айдоочу кармалса, анын 54ү Бишкектен экен, урматтуу бишкектиктер. Тойдо өзүбүз аракка тоюп алганыбыз аз келгенсип, машина айдайм дегенге да асылып, ой-боюна койбой, аракка шыкаганыбыз качан калат?!!
Ошону менен эки күндүн аралыгында автоинспекторлор тарабынан жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузганы үчүн 6 миң 922 протокол толтурулган.
Ал эми акыркы бир жумадагы, 27-январь – 2-февралдагы аралыкты алсак, бир жума ичинде 25 087 жолдо жүрүү эрежесин бузуу катталган. Мунун ичинен 309у мас айдоочулар болуп чыккан.
Жолдо жүрүү эрежелерин бузуулар, анын ичинде жол-транспорт кырсыктары, мас айдоочулар – айдоочуларды да, жөөлөрдү да, баарыбызды ойлонтчу маселе.
27-январдан Кыргызстанда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы масштабдуу рейд башталды. Минтип республикалык масштабда рейд жүрүп жаткандыгынын да өз себеби бар. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы боюнча, 2024-жылы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактылары менен коштолгон 2613 жол кырсыгы катталган. Натыйжада, 2594 киши ар кандай жаракаттарды алган, ал эми 254 жөө жүргүнчү көз жумган. Бул албетте, 2023-жылга салыштырмалуу бир топ пайызга төмөн. Бирок, мындай кырсык күн сайын ар бирибизди күтүп турушу мүмкүн экенин эстегенде, дене боюң дүркүрөйт.
Инспекторлор уруксат берилбеген жерден жолду кесип өтүп, жолго чыгып кеткен жөө жүргүнчүлөргө 1000 сом, ал эми жөө өтмөктөрдөн жүргүнчүлөргө жол бербеген айдоочуларга 3000 сом айып салынарын эскертип эле жатат. Бирок, пенде экенбиз, дайыма болбосо да, кээде жолду кыскартабыз, жөө өтмөккө жетпей жолду кесип өткөн учурларыбыз бар. Албетте, ары жак, нары жагыбызды караган болобуз, бирок кандай болгондо да, жол эрежесин бузуп жатканыбызды ойлобойбуз. Ал эми ит куугандай айдагандарга айла жок, жөө өтмөктө жалгыз киши тургай, 10 киши турса да болушунча катуу ылдамдыкта айдап өткөндөр четтен табылат. Катуу ылдамдыкта айдагандарды көрүп, “Булар бир күн болбосо, бир күн сөзсүз жол кырсыгына учурашын”, өздөрү эле жабыр тартпай, далай бейкүнөө адамдардын канына забын болуп, убалына калаарын ойлоп, айласыз жакаңды кармайсың.
Кыргызстанда 2024-жылдын 6 айында 3060 жол-транспорт кырсыгы катталып, 280 киши каза болсо, бир жыл аралыгында 7102 жол-транспорт кырсыгы катталып, андан 10 миң 479 киши жабыр тартып, 700ү каза болгон.
2023-жылы 2024-жылга салыштырмалуу авариялардын саны азыраак – 6945 ЖТК болгону менен, каза болгондордун саны 83кө көбүрөөк – 783 киши. Жол-транспорт кырсыктарын анализдеп келгенде, катталган ЖТКда 91,2%ында күнөөлүүлөр айдоочулар болушкан.
Бул калкынын саны эми гана 7 млн.го жеткен Кыргызстан үчүн өтө чоң сан. Бир жылдары Ө.Текебаев Жогорку Кеңештин трибунасынан республиканын жолдорун Улуу Ата Мекендик согуштун майдан талаасына салыштырып, жол-транспорт кырсыктарын кескин азайтпасак, элибиздин түбүнө жетет деген мааниде айткан. Балким, бир аз катуураак айтылгандыр, бирок бул чындык.
Жол-транспорт кырсыктары, анын ичинде кишинин өлүмү менен аяктаган жол кырсыктары, мас айдоочулар негизги баш ооруга айлангандыктан 2019-жылдан
“Коопсуз шаар” долбоору киргизилип, жол эрежелерин сактоону жөнгө салуу жана авариялардын санын азайтуу максат кылып коюлган. Бирок, мындан деле кескин жыйынтыктар боло элек.
Андыктан, ЖТКны азайталы десек, анда жол жүрүү эрежелерин бузгандарга административдик жазаларды, айып пулдарды дагы да көтөрүү зарыл. Айталы, мас айдоочуларды азыркыдай айдоочулук укуктан бир жылга эмес, бери дегенде 5 жылдан 10 жылга чейин ажыратуу абзел. Аны менен тим койбой, андай көпкөндөргө арак ичип айдаганы үчүн 100 миңден кем эмес айып пул салуу керек деген ойдобуз.
Ал эми адам өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгынын күнөөлүүлөрүн өмүр бою айдоо-чулук укуктан ажыратуу зарыл. Эгер, бул жазаны кыйгап өтүп, жол кырсыгында киши өлтүргөн тарапка айдоочулук күбөлүктү жасап бергендер чыкса, аларды кылмыш жообуна тартса туура болчудай. Мүмкүн мына ушундай кескин чараларды көргөндө, Кыргызстанда жол-транспорт кырсыктары азаяр чыгар. Эске сала кетсек, союз маа-
лында “мас айдоочу – бул кылмышкер” деп жазып туруп, жолдун бойлорунда, көзгө урунттуу жерлерге илип коюшчу эле. Көрүлгөн чаралар да катуу болчу.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”