Талас облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Талас облустук прокуратура органдары тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн алкагында, мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелер кайтарылды.
Тактап айтканда, Талас шаарындагы облустук тиш дарылоо бейтапканасына таандык болгон жер тилке, кампа курулмалары жана ошондой эле, Манас районунун Семетей айыл өкмөтүндөгү 0,27 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы 11 млн 366 миң 840 сомдук жер тилкелер жана курулмалар муниципалдык менчикке кайтарылды.