Өлкөдө массалык башаламандык уюштурууга шектелген “Кырк уруу жети дубан ынтымагы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Кармалгандардын арасында экс депутат Бакыт Керимбеков дагы бар. Ал Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты болгон.
Министрликтин билдиришинче, алар дайыма жыйындарды өткөрүп, анда «жарандарды өлкөдө кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган массалык баш аламандыктарды, нааразылык акцияларын жана митингдерди уюштурууга чакырганы айтылат.
«24-февралда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган бирикменин айрым мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлүп, анда граната, мылтыктар, тапанча, ок-дарылар, камуфляж кийимдери, баңги заттары, диний адабияттар, уюштуруу нускамалары, уюлдук телефондор алынган.