Токмок шаарында Салык кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кармалгандар Токмок шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын мурдагы башчысы Н.М.М., кирешелер башкармалыгынын башчысы О.Э.Б., салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы З.Б.Ж. жана жеке ишкер М.Р.С
«Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча кызмат адамдары тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында мамлекеттик органдарга берилген отчеттук маалыматтардагы маалыматтарды атайылап бурмалап, ошондой эле жөнөтүү документтерин бурмалашкан»
-деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Республикалык бюджетке 8 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Бул сумма тергөө иштеринин жүрүшүндө көбөйүшү мүмкүн. Учурда тергөө уланууда.