whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятМанас Ата чокусунан учуп чыккан кош шумкар

Манас Ата чокусунан учуп чыккан кош шумкар

Роза Айтматова эже менен көпкө сүйлөштүк. Эже менен мен бир нече күн сүйлөшсөм да тажабайт элем. Ал адамга көкүрөгү ачык, көп нерсени билген жана адамдан жакшылыкты гана үмүт эткен инсан экен. Кээде көзүн жаштап алган эже менен кошо жашып, кээде кошо күлүп, убакыт кандай өткөнүн сезбей калдым.

Эже менден «Кайсы багытта сүйлөшөбүз?» –  деп сурады.

Мен айттым: «Агаңыз тууралуу, анан албетте, өзүңүз жөнүндө». Ал өзү тууралуу «Өзгөчө деле эч нерсе кылган жокмун. Мен жөнүндө башка бир күнү сүйлөшөлү» деп
койду. Ошентип, агасы Чыңгыз Айтматов жана атасы Төрөкул Айтматов тууралуу
маектештик.

Роза эже сөзүн өзү баштады:

– Таластын өйдө жагында Манас Ата деген кош чоку бар. Биздин Шекер айылы ошол чокунун этегинде турат. Анын мөңгүсүнөн түшкөн суу Күркүрөө суусуна айланат. Ошол суу бир эле биздин айылды эмес, Көк-Сай, Кайнар өңдүү бир топ айыл-дарды багат. Мен бала кезде аны эл «Айланайын Күркүрөө» деп айтышчу эле. Манас Атага жүзүн буруп, «Айланайын Манас Ата, түбөлүккө тур» деп ыйык
көрүп сыйынышчу. Чыңгыз Төрөкуловичтин бир макаласында мындай деп жүрөт. «Менин мекеним – Шекер айылы. Мен Шекерге келе жатканда, алыстан эле Манас Ата чокусун көрөм. Мен аны көргөндө, айлана тегеректегинин баарын унутуп, жылаңаяк чуркап жүргөн бала кезиме барып, ойго батам», – дейт.

Муну айтып жаткан себебим, анда Манаска байланышкан бардык нерселерге ыйык мамиле сиңген болушу керек. Атам акталган соң ысымы Шекер айылындагы мектепке коюлуп, 1992-жылы биздин айылга эстелик курулмак болуп калды. Аны белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков жасаган. Ошол айкелге Чыңгыз аке атабыздын сүрөтүн өзү тандады. Ага бир олуттуу олтурган, мамлекеттик ишмер катары түшкөн сүрөтүн тандап, анан кайсы жерге, кандай коёт ошонун баарын сүйлөштү.

Эстелик даяр болуп, ачылышына бардык. Чыңгыз акем ана келем, мына келем деп, келе албай калды. Ошол учурда Горбачёвдун кеңешчиси болуп турган кези болчу.  Ошентип, Илгиз, мен болуп ошол иш-чарага бардык. Мектептин короосунда эстелик ак кездеме менен жабылып, окуучулар катарынан тизилиптир. Митингди ача турган болуп эстеликтеги ак кездемени түшүргөндө, элдин арасынан «Ох, Манас ата жакты карап турган экен» деген  күбүр-шыбыр болуп кетти. Мен чынында эстелик кайсы жакты караганына көңүл деле бурбайт элем. Бирок, эл үчүн бул өтө маанилүү экен.

Ойлосом, Чыке ошондо майда-чүйдө­сүнө чейин кеңешип, өзүнүн оюн айткан экен. Ага ошонун баары маанилүү болгон тура.

Экинчиси, «Манас» аэропорту тууралуу айтып берейин. Мен архивдик материалдардан таптым, анын долбоорун эң алгач агам түзө баштаган экен. Менде ал иштин протоколу бар. Аэропорт канча жерди алат, канча кум, таш, цемент кетет. Анда иштеткен жылкыларга, өгүздөргө канча жем, канча чөп керек таблица түзүптүр. Ал жер мурда шаардын тышы болсо, кийин шаар чоңоюп, ичи болуп калды.

Турдакун Усубалиев эскерүүсүндө мындай дейт: «Барак деген жерге аэропорт сала турган болуп, ага көп күчүмдү жумшадым, көп салым коштум эле, бирок, эмгегим билинбей калды. Бир жолу Чыңгыз Төрөкулович телефон чалып, «аэропорт бүтүп атабы?» деп сурады. Мен «Кызыксаңыз, келип кетиңиз» дедим. Чыңгыз Төрөкулович келип, көрүп кетти. Анан «Думы на взлётной полосе» деген чоң макала жазды».

Мен ошол макаланы мурда окуганыма карабай, жакында кайра окуп чыктым. Ал анда адегенде аэропорт кандай курула баштаганын майда-чүйдөсүнө чейин жазыптыр. Усубалиев да айтып атпайбы, «Макаланы окугандан кийин мен ага эч нерсе кошо албадым да, бир сап алып сала албадым, мен анын жазуучулук чеберчилигине таң бердим» деп.

Эми ошол макалада мындай  дейт: «Илгери кыргыздар боз үйдөн чыгып, келген мейманын аттан түшүрүп, «Куш келиңиз, Манастын жерине» деп айтчу. Эми, буюрса, бул жерде самолет учуп калса, меймандарга «Куш келиңиз, кыргыздын жерине» деп айтышат».

Ага чейин аэропорттун атын Ленин коёбуз дегендер болгон да. Чыкем акырындап айтып олтуруп, логикалык жактан жүйөлүү кылып көргөзүптүр. Ал «Элдин туюмунда Манас Аккуласын алкынтып, бир чокудан бир чокуга учуп өтчү экен деп айтылып келет. Ошондо эл канаты бар атты кыялында жараткан. Ошону көптөн бери элибиз эңсеген. Андыктан, биздин аэропортту «Манас» деп атасак жарашат, ошондо элдин кыялы орундалат», – деп жазат.

Чыңгыз Манаска өзгөчө мамиле жасаган. Биз Саякбай Каралаев менен кошуна туруп калдык. Экөө көп пикирлешер эле. Мен анын да таасири болсо керек деп көп ойлойм. Байкасам, ал Манаска көп жерде кайрылат. Азыр биз айтып атабыз, «Манас-ты» ЮНЕСКО каттап, 100дөн ашык мамлекетте эпостор бар болсо, анын эң мыктысы деп тандалган жетинин бири болуптур” деп атабыз. Ушундай деңгээлге жетүүсүнө  Чыңгыздын салымы чоң.  Анткени, ал эң алгач  Саякбайды «Гомер» деп атады. А Гомердин «Илиадасы» жарым миллион сапка жетпейт экен. Ошентип Саякбайды Гомер деп элге таанытып алып, анан «Он знает миллион строк» деп жазганы бар.

Эл арасында жанагы Манас кош чокусунун бирөөсүн Чыңгыз чоку деп да коюшат. Бул элдин баасы. Ошон үчүн ойлойм, Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн чыгармачылыгы менен Манас темасын жарыш ала жүрдү. Колдон келишинче эл аралык деңгээлде жар салды.

– Ал сизге ага эле эмес, атадай болуп калды да. Сиз аны көп эстейсизби?

– Ооба, мен беш айымда атамдан калган экенмин. Балдардын эң улуусу Чыңгыз. Ал киши 9 жашынан баштап бизге ата да, ага да болууга мажбур болду. Ушундай азаптарда Чыңгыз биздин ишенимдүү таянычыбыз катары сезилчү. 1946-жылы го, Чыңгыз үйгө келди. Мен үчүнчү класста окуп жүргөм. Ал менден «Сен китепканага жазылдың беле?» –  деп сурады. «Жок» дедим. «Сен китепканага эртең барып, китеп ал», – деди. Мен эртеси китепканага барып, жазылып, бир китеп алдым, окудум. «Эми айтып бер», – деди. Айтып бердим. «Эми муну өткөр дагы башка китеп ал», – деди. Ал өзү бала болсо дагы мага багыт берип атпайбы. Ушул окуяны көп эстейм.

Биз 1943-жылы Жийде деген айылда жашадык. Медпункт да жок. Кичинекей мечит бар айыл экен. Аны да Совет бийлиги жаап салыптыр. Ошол жерде турганда бооз уюбузду уурдатып ийдик. Чыңгыз Шекерден келип калды. Каракыз апамдын күйөөсү менен келишчү. Үйдө сарай жок эле. Апамдын да колу уй сааганга жарабайт. Колхоздун фермасына коюп, андагы аялдар саачу.

Дарыя менен биздин үйдүн ортосунда талаада окоптор казылган болчу. Немистер келсе деп даярдалган. Чыңгыз  окоптун баарын карап чыкты. Темирбек деген трактористтин мылтыгын сурап, жинденип чыгып кетти. Ошентип баратса, астынан ак сакалчан адам чыгат. «Эй, сен бирөөнү өлтүргөнү баратасыңбы?» –  дейт. «Ооба», – дейт Чыңгыз аке. «Андай болсо токтот, ал ууруларды Кудай өзү жазалайт. Сен бактылуу болосуң. Сенин уюң көп болот. Көрөсүң, мени жөн эле сүйлөп атат дебе, ушуну кийин эскересиң», – деп айтат.

Өзү «Бир убакта карасам, ак сакал жок, мен ыйлай бердим, денемди тер басты. Анан үйгө кайттым» деп эскерет. Эл аны Кыдыр деп жоруган. Ошондо Чыкем кокус киши өлтүрүп койсо, тагдыры кандай болот эле? Чыңгыз кичине болсо да, көп азап көрдү. Бирок, ошонун баарын жакшы жакка бурган.

Аны мектеп жашында «эл душманынын баласы» дешип Дүйшөндүн мектебине да албай коюшат.  Илгиз агам экөө эжелеримдин балдары менен кошо туруп, мектептин жанындагы көпүрөгө чейин барып, алар мектептен келгиче ойноп, кайра алар менен кошо мектептен келе жаткансып келчү экен. Бир күнү ак сакал киши көпүрөдөн өтүп баратып, аларды көрүп «Кимдин балдарысыңар, эмне мектепте эмессиңер?» – деп сурайт.“Бизди кабыл албай койду», – дешет. Ал: “Окугуңар келеби?» – деп сураптыр. Алар эриндерин тиштеп, эптеп көз жашын тыйып калышат. Ошентип, ал киши директорду коркуткан окшойт. Ал кезде мектеп жашындагы бир дагы бала окубай калбашы керек деген мыйзам болгон.

Кийин Чыңгызды пионерге да албай коюшат. 70 жашка чыккандабы, айылга бардык эле. Ошондо, «Ушул булакка пионерге албай койду деп көз жашымды төктүм эле. Ошондо пионер мага мынча эмне керек болду экен?» деп күлгөнү бар. Бирок, ал кезде 3-класстагы бала үчүн бул өтө чоң оор жүк эле. Кийин Айыл чарба институтунда аспирантурага да албай коюшкан. Ошонун баарын көтөрдү. Дал ошол булакты «Ботокөз булак» деп жазып атпайбы. Чыңгыздын бир артыкчылыгы ар бир нерседен жакшылыкты көрө алганында.

1957-жылы  Чыкемди ар тараптан сындап жатышкан. Ошону көтөрө албай катуу ооруп калды. Ошол учурда прокуратураданбы, НКВДданбы кагаз келди. Төрөкул жөнүндө кабар алып кеткиле деп. Эжем да практикага кеткен. Чоң-Арыкта турчу элек. Апам менен азыркы коргоо министрлик турган имаратка бардык. Кирсек, куралчан киши туруптур. Ал апамды киргизип, мен сыртта калдым. Ошондогу апамдын элеси такыр унутулбайт. Апам араң басып чыкты. Колунда эки кагаз. Ал атама жолугам деп келе жаткан да. Бир кагаз анын күнөөсү жок болгон үчүн акталды деген кагаз, экинчиси өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк экен. Ошентип, келет деп 20 жыл күткөн атабыздан үмүт үзүлдү.

– Чоң-Ташта сөөгү табылганы тууралуу биринчи кабарды Чыңгыз ата кандай кабыл алды, сиз кандай кабыл алдыңыз?

– «Саманчынын жолунда»: «Ата, сенин кайсы жерде көмүлгөнүңдү билбейм» деп жазганы бар. Апам 1971-жылы каза болду. Кийинки жылы Ала-Арчада эстелик орнотулду. Атабыздын көмүлгөн жерин таппагандан кийин кош эстелик орноттук. Бул Чыңгыздын идеясы болчу. Экөөнүн аты-жөнүн жазып, анан «Атабыздын көмүлгөн жерин билбегендиктен, энебиздин бейитине кош эстелик орноттук» деп жазылган. Себеби, ошончо кадыр-баркы менен ал көп аракет кылып, издеди, эч жерден айтпай коюшту.

1991-жылы Бишкектен 18 чакырым аралыкта массалык көмүлгөн сөөктөр табылды деп гезиттен окуп калдым. Ошондон кийин эле жолдошум менен Францияга барганбыз. Келе жатып, Люксембургга Чыкеме кезиге кетели деп барганбыз. Ошондо мен гезиттеги кабар тууралуу айттым. Азыркыга чейин көз алдымда, ал башын мыкчып олтуруп калды. «Ким билет, ал жерде ким көмүлгөнүн, кантип таанылсын?» деп айтты.  Бир күнү Чыңгыз айткан окшойт, КГБга чакыртыптыр. Барсам, колума атамдын делосун беришти. Сурак протоколу бар экен. Астында кенедей кылып кол койгон экен. Колу абдан түшүнүксүз, башка убактагыга такыр окшобойт. Эмне үчүн деп ойлогом, көрсө, ошол кезде суракта ар бир манжаларын эшикке кыпчытып, талкалачу экен. Анан бармагы менен сөөмөйүн кол койдуруш үчүн гана калтырышчу дейт.

– Сиз Ата-Бейитке барган сайын ыйлайм дегениңиз бар, ал жерге бат-бат барасызбы?

– Көп барам. Мүмкүнчүлүк болсо эле барам. Ата-Бейит чынында менин ой жүгүртүүмдү өзгөрттү. Анда 137 кишинин сөөгү 53 жыл бою жаткан экен. Ушуларды ойлогондо, мен такыр башкача адам болуп чыга келдим. Болбосо, мен китеп жазам деп эч убакта ойлогон эмесмин. Бул тема мен үчүн өтө маанилүү. Агам Чыңгыз жөнүндө сурасаң, атам Төрөкул жөнүндө айтып жатканым да ошол.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА,
“Кыргыз Туусу”

 

 

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар