Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси Азамат Марипов 7-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.
Тиелешүү токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-мартта чыгарганын, аны камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигининин тергөөчүсү бергенин райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылды.
ИИМ Азамат Мариповго козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек.
Азамат Марипов — Фейсбуктун активдүү колдонуучусу, ал буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевди ачык колдогон билдирүүлөрдү жазып жүргөн.