Бишкектеги премиум класстагы турак жай комплексинин 24 батири мамлекетке өткөнүн УКМК билдирди. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, буга чейин Бишкектин түштүк аймагынан көп кабаттуу үй куруу үчүн жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
2005-жылы Бишкек мэриясы 1,5 гектар жерди курулуш компанияларына ижарага берген, анын ордуна курулушчулар батирлердин 13%ын муниципалитетке бериши керек болчу. Бирок кийинчерээк соттун чечими менен турак-жайды өткөрүп берүү беренеси келишимден алынып салынган.
Натыйжада Н.Р. турак жай комплексинин 24 батири мамлекетке өттү. Алардын ар бири 120 чарчы метрлик үч бөлмөлүү батир.