whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
17.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКеминде мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Кеминде мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылды.

2004-жылы аталган объект Чүй облусунун Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилген.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Кемин шаарындагы Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Ошону менен бирге Кемин шаардык мэриясына аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана куруу маселесин тез арада Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын кароосуна алып чыгуу сунушталат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар