whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкОш шаарынын мэри: "Кырсыкка кабылган бала бир тууган инимдин баласы"

Ош шаарынын мэри: «Кырсыкка кабылган бала бир тууган инимдин баласы»

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абад шаарындагы 4 жашар кыздын өмүрүн алган жол кырсыгында унаанын айдоочусу бир тууган инисинин баласы болгонун билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

Токторбаев рулда анын уулу отурган деген маалыматты четке какты.

«BMW үлгүсүндөгү В5500ВА номурлуу унаанын айдоочусу менин балам Баястан Токторбаев болгон эмес жана унаа Нурислам аттуу баланын атына катталган. Бирок кырсыкка кабылган бала менин бир тууган инимдин баласы 2000-жылы туулган Ш.З. болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып, 15-майга чейин (эки айга) убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — дейт ал.

Буга чейин Жалал-Абаддагы жол кырсык болгон жерде тартылган видео соцтармактарга жарыяланып, айрым жарандар BMW Жеңишбек Токторбаевдин уулуна таандык экенин, унааны уулу башкарып баратканын жазышкан.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматы боюнча, 15-мартта аларга 30 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү болжол менен саат 21:30да аялы уул-кызы менен Р.Азимов көчөсүндөгү тротуарда баратканда, аларды BMW унаасы сүзүп, айдоочусу качып кеткенин билдирген.

Жол кырсыгынын айынан 2020-жылы туулган кыз окуя жеринде каза болгон. 2022-жылы туулган бала ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 312-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 25 жаштагы Ш.З. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар