«Алдамчылык” фактысына байланыштуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалганын атайын кызмат билдирди.
«М.у А. 2024-жылдын октябрында шайлоо кампаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ долларын ээлеп алган», — деп жазылган билдирүүдө.
Бул фактынын негизинде УКМК «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 17-мартта камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сөз болуп жаткан депутаттын инициалы шаардык кеңештин депутаты Мусагул уулу Амантурга туура келет. Ал шаардык кеңешке былтыр, ноябрда “Эмгек” партиясынын катарында шайланып келген.
Шектүү тараптын жакындары, партиялаштары, адвокаттары комментарий бере элек.