whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкЧолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри кармалды

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында криминалдык чөйрөдө «Потап» лакап аты менен белгилүү жаран кармалды.

Аталган жаран «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев менен жакын мамиледе болгондугу аныкталып, анын протекциясы боюнча 2017-жылы Чолпон-Ата шаарынын аймагында Көлбаевдин бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп шайланган. Мындан тышкары, ал криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъекттерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар