whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкМаданият министрлигинде каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Маданият министрлигинде каражаттар максатсыз пайдаланылганы аныкталды

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2022-2023-жылдарга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар олуттуу шайкеш келбестиктер жана каржылык тартип бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 913 162,7 миң сом өлчөмүндө каржылык жана процедуралык бузуулар катталды, анын ичинен: Процедуралык бузуулар — 509 168,8 миң сом (сатып алуулардагы жол-жоболордун бузулушу, ашыкча аванстар жана мониторингсиз жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар ж.б.); Каржылык бузуулар — 403 993,9 миң сом түзгөн.

Кошумчалангандай, аудиттин жүрүшүндө 119 995,0 миң сомдун калыбына келтирилиши зарыл экени аныкталган, анын ичинен азыркыга чейин 56 738,7 миң сому кайтарылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар