Таласта телефон алдамчылык фактысы боюнча жаран 1 миллион сомдон ашык чыгымга учурады.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 2-декабрында Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө 1998-жылы туулган аял кайрылган. Айтымында, WhatsAppтан белгисиз номерден интернет аркылуу акча табуу сунуштаган билдирүү түшкөн. Шарттарга ылайык, ал шилтемелерди таратуу керек болчу жана бул үчүн анын MBank картасына аз суммалар которулган — 200 сомдон 500 сомго чейин.
Интернет шылуундар көбүрөөк акча табам деген шылтоо менен аялга акчаны электрондук капчыкка которууну сунушташып, ал ишке ашырган. Ошондо алдамчы чоң кирешени убада кылып, көбүрөөк акча салууга көндүргөн. Жалпысынан жабырлануучу тарабынан 1 миллион 27,8 миң сом которулган. Ошондон кийин шылуун байланышты токтоткон.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Нарын шаарындагы банктардын биринин 2000-жылы туулган Т.Р аттуу кызматкери кармалды.