whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкТүрмөлөргө дрон менен баңгизат таштап жүргөн шектүү кармалды

Түрмөлөргө дрон менен баңгизат таштап жүргөн шектүү кармалды

Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды сактоо жана таратуу, ошондой эле жаза аткаруу мекемелерине ыргытуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Шектүү катары 2005-жылы туулган жаран кармалып, аны тинтүү учурунда жанынан өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат табылган. Андан соң, кармалган жарандын жашаган дареги боюнча жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүү учурунда скотчко оролгон 2 даана баштык табылган. Ал жерден өзгөчө кескин жыты бар, кара күрөң түстөгү зат алынып, жалпы салмагы 3 килограмм 84 грамм экендиги аныкталган.

Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар табылган, кылмышка шектүү жаран аларды Жаза аткаруу мекемелеринин аймагына баңгизаттарды жана башка мыйзамсыз буюмдарды ыргытууга колдонгондугу аныкталган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар