whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкМамлекеттик кызматкер алдамчылыкка шектелип кармалды

Мамлекеттик кызматкер алдамчылыкка шектелип кармалды

ӨКМнын Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран 2021-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциянын Ош аймактык башкармалыгында юрист болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан пайдаланып, курулуш компанияларынын биринин директорунан Ош шаарында көп кабаттуу үй курууга мамлекеттик органдардан керектүү уруксат документтерин тоскоолдуксуз алуу үчүн 14 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Ал мындан тышкары кызматы үчүн курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн үч бөлмөлүү батир талап кылып, күрөө катары «Тайота Фораннер» үлгүсүндөгү автоунаа алып, аны жакын тууганына каттаткан.

Бирок милдеттенмелерин аткарган эмес жана алган акча каражаттарын кайтарган эмес.

Учурда кармалган жаран соттун чечими менен тергөө абагына камалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар