Бишкекте Саякбай Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулушка уруксат берген кызматкерлерге Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.
«Курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органынын кызматкерлери Саякбай Каралаев көчөсүндө (Суеркулов — Койбагаров) мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген документтерди жасаган. Ал жерде эс алуучу жайлар, автоунаа жуугуч жана башка объектилер жайгашкан»,
— деп жазылат маалыматта.
Кызматкерлерге «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Мамкурулуш буга чейин Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияларды текшерип, жети компанияга 10 млн. 725 миң сом айып салынганын билдирген.