УКМК тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 500 доллар алып жаткан учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Р.у.Н пара менен кармалды.
Кармалган милиция кызматкери кылмыш ишин токтотуу боюнча процессуалдык чечим чыгарууга көмөк көрсөтүү үчүн пара талап кылган.
Милициянын капитаны Р.у.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.