УКМКнын Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракетинин алдын алышты.
Чек ара тилкесин көзөмөлдөө учурунда Казакстандын аймагында мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа табылган.
Натыйжада чек арачылар Чүй дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен аялды кармашкан.
Кармалган жарандын жанында өздүгүн тастыктоочу документтери болгон эмес. Кармалган жарандын айтымында, ал Өзбекстандын жараны, 1985-жылы туулган У.М.Р.болгон.
Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө жана окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.