Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар көчөлөрдү кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анда Министрлер Кабинетинин Төрагасына А.Бакаев көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки, ошондой эле Ю.Фучик көчөсүн Л.Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейинки аралык боюнча долбоор көрсөтүлдү.
Акылбек Жапаров көчөлөрдү долбоорлоодо борбор калаанын аймагынын соңку кездери кеңейип баратканын жана жыл сайын автоунаалардын көбөйүшүн эске алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле, мэриянын карамагындагы бардык объектилерди инвентаризациялоону тапшырды.