whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАвиация тармагындагы ийгиликтүү жаңы көз караш

Авиация тармагындагы ийгиликтүү жаңы көз караш

Самат Шатманов — Кыргызстандын авиация тармагында бай тажрыйбага ээ, заманбап көз карашы менен айырмаланган ишмер. Анын ишмердүүлүгү коопсуздук мониторинг системаларын жакшыртуу, аудиттик процесстерди санариптештирүү жана аба навигация системасын жаңыртуу сыяктуу багыттарды камтыйт. Бирок аны өзгөчө айырмалап турган нерсе — жаңы муундун инновациялык көз карашын авиация тармагына ийгиликтүү киргизе билгенинде.

Бул көз караш — эскирген ыкмаларды артта калтырып, технологияны натыйжалуу колдонуу, эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып баруу жана санариптик чечимдерге басым жасоо аркылуу тармакты жаңылоону билдирет. Шатманов ушул принциптерди практикада ийгиликтүү ишке ашырып, өлкөнүн авиация системасын жаңы деңгээлге көтөрдү.

Инновацияга негизделген өзгөрүүлөр

Анын алып келген өзгөрүүлөрү — жөн гана техникалык жаңыртуу эмес, бул тармактагы иш алып баруу маданиятынын жаңылануусу. Мисалы, ал аба кыймылын башкарууну жакшыртуу үчүн санариптик платформаларды ишке киргизип, реалдуу убакытта маалымат алмашууну камсыздаган байланыш системаларын орноткон. Бул чаралар учактардын кыймылын так көзөмөлдөөгө, коопсуздукту бекемдөөгө жана иштин ылдамдыгын арттырууга шарт түздү. «Самат Шатмановдун бул ыкмасы тармактагы кызматкерлерге да дем берип, аларды жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана жаңычыл ой жүгүртүүгө шыктандырууда» — дейт Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт боюнча Консультативдик комитетинин Жарандык авиация комитетиндеги эксперт Т. Прохоров.

Авиация тармагындагы жетишкендиктер

Анын салымы менен Кыргызстандын аба мейкиндиги коопсуз, так жана ишенимдүү системага айланды. Мурдагы эски системалар көптөгөн тобокелдиктерди жаратып келген болсо, азыркы шарттарда учуулардын тактыгы жогорулап, кечигүүлөр азайды. «Мындан сырткары, өлкө ICAO сыяктуу эл аралык уюмдардын талаптарына жооп бере ала турган деңгээлге жетти. Бул болсо Кыргызстанды дүйнөлүк авиация коомчулугундагы ишенимдүү өнөктөш катары көрсөтүүгө өбөлгө болду» — деп  «Манас» авиакомпаниясынын авиациялык коопсуздук секторунун башчысы М.Жунаев ырастады.

Кесипкөйлүк жана кызматташтык

Шатманов Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги (SCAA) менен тыгыз иштешип, бир нече маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырды. Алардын ичинде коопсуздук мониторинг системаларын өнүктүрүү, аудиттик процесстерди санариптештирүү жана аба навигация системасын заманбап жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу иштер бар болгону буга Жарандык авиация агенттигинен алган «Кыргыз авиакомпаниясынын эл аралык аренадагы өнүгүүсүнө жана позициясын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каты» далил болуп келет.

Ал ошондой эле SCAA менен бирге эл аралык баалоолорго даярдык көрүп, Кыргызстандын авиация тармагын дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирүүгө чоң салым кошту.

Самат Шатмановдун ишмердүүлүгү — техникалык жаңыланууга гана эмес, идеялык жана стратегиялык өзгөрүүгө багытталган. Ал авиацияны коопсуз, натыйжалуу жана заман талабына шайкеш тармакка айлантууга чоң салым кошту. Анын аракеттери өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүп, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Наргиза КОЗУБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар