whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкКыргызстанга кирүүгө визаларды жасап жүргөн шектүү кармалды

Кыргызстанга кирүүгө визаларды жасап жүргөн шектүү кармалды

Жасалма визаларды даярдоо боюнча канал уюштурууга жана 100дөн ашуун электрондук визаны жасалмалоого шектелип пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Пакистандын М.Т.К. аттуу жараны мыйзамсыз киреше табуу максатында Пакистандын башка жарандарына жасалма виза жасоо схемасын уюштурганы аныкталган.

Тактап айтканда, жогоруда аталган М.Т.К. башка пакистандык жаран М.А.га эки айлык мөөнөтү бар эки электрондук визаны 150 долларга сунуштаган. Ошондой эле кошумча төрт жылдык визаны ар бирин 1 миң 700 доллардан, жалпы 6 миң 800 долларга алууну сунуштаган. М.Т.К.нын талабы боюнча аванс катары ага 4400 сом которулган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде М.Т.К. 87 миң 400 сом өлчөмүндө талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алган учурда кармалган.

М.Т.К. өздөрүнүн шериктери менен биргеликте Кыргызстандын аймагына келген мекендештери үчүн 100дөн ашык жасалма электрондук визаларды даярдашканы аныкталган.

Аталган пакистандык жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар