whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкТаймурас Ташиевдин атын жамынып алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Таймурас Ташиевдин атын жамынып алдамчылык кылууга шектелген жаран кармалды

Өзүн Таймурас Ташиев катары көрсөткөн жигит кармалды. Ал бетонго химиялык реагенттерди алып келүү боюнча фирма менен келишим түзүү үчүн өзүн Тай-Мурас Ташиев (УКМКнын башчысынын уулу) деп көрсөткөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө үнүн бурмалап, Тай-Мурастын сүрөтүн коюп, уюмга өзүнүн өкүлүн жиберген.

Келишимдин жыйынтыгында компанияга 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат которулуп, аванс катары 80 миң доллардан ашык каражат, Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар берилгенин УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү УКМКнын Ош шаарындагы СИЗОсуна киргизилди. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар