whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларКылмыш жана кырсыкУКМК: Эмгек мигранттарга жасалма документ сатып жүргөн бангладештик жаран кармалды

УКМК: Эмгек мигранттарга жасалма документ сатып жүргөн бангладештик жаран кармалды

УКМК Бангладештин жараны мекендештерине жасалма документтерди даярдап, сатуу боюнча туруктуу канал уюштурууга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын февраль айында жогорудагы чет элдик жаран Кыргызстандын аймагында эмгек мигранттарын мыйзамдаштыруу үчүн 66 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алып, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөнү аныкталган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган.

Жыйынтыгында кармалган чет өлкөлүк жаран Х.М.М. №21 тергөө абагына киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар