whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүС.Жапаров Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

С.Жапаров Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, саясий-экономикалык диалог колдоого алынып, бардык деңгээлдерде байланыштар жүрүп жатканын белгилеп өттү.

Президент салттуу түрдө достук мамиледе, жылуу жана ишеним маанайда өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө канааттануу менен айтты.

Саясий, экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык маселелердин кеңири спектри талкууланды.

Садыр Жапаров бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн эң маанилүү жыйынтыгы катары — эки өлкөнүн элдеринин түпкү таламдарына жооп берген Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы келишимге кол коюлушун атады.

Экономика, соода, инвестиция жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Транспорт жана коммуникациялар тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип сарамжалдуу пайдалануу маселелери каралды.

Инвестицияларды өз ара илгерилетүү жана коргоо боюнча жаңы өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чек ара маселелери каралды.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Кичи-Капка» жана «Камышановка» өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча биргелешип иш алып баруу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Бул иш-чаралар, албетте, эки тараптуу сооданын жогорулашына жана айрым учурда унаа тыгыны байкалган өткөрүү пункттарындагы тыгындарды жоюуга жардам берет.

Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективаларына өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров тараптар мамилелердеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү бекемдеп, аларды стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка ылайык жаңы сапаттык мазмун менен толуктай алды, деген ишенимин билдирди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар