whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикасы жокБорбор Азиядагы ЖККУ жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы жыйын өткөрдү

Борбор Азиядагы ЖККУ жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы жыйын өткөрдү

Кыргызстандагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда Борбор Азия аймагынын Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖККУ машыгууларынын Бириккен маалымат борбору кабарлады.

Жыйын «ЖККУ мүчө мамлекеттеринин аймагына мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдүн киришин болтурбоо жана согуштук аракеттерге даярдык» деген темада өттү.

Иш-чарага Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун жана ЖККУнун Бириккен штабынын өкүлдөрү катышып, Борбор Азиядагы кооптуулуктар, чакырыктар, уюмдун аскердик компонентинин абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле абадан коргонуу, радиоэлектрондук күрөш, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу жана согуштук аракеттерди уюштуруу боюнча практикалык сунуштар берилди.

Командачылыктын офицерлери башкаруу каражаттарынын өнүгүшү, техникалык жана тылдык камсыздоо боюнча маалымат алышты.

Жыйындын негизги максаты — жамааттык күчтөрдүн бирдиктүү аракеттерин иштеп чыгуу жана 17-20-сентябрда өтүүчү «Рубеж — 2025» командалык-штабдык машыгуусуна даярдоо.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар