whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикасы жокМинистрлер Кабинетинин Төрагасы менен Түркия Республикасынын Вице-Президенти ЖМКга билдирүү жасашты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен Түркия Республикасынын Вице-Президенти ЖМКга билдирүү жасашты

         Бишкек, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы. 2025-жылдын 18-сентябры — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы—Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана өлкөгө расмий сапар менен келген Түркия Республикасынын Вице-Президенти Джевдет Йылмаз, Кыргыз-Түркия өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12- отурумунун жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө билдирүү жасашты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин сөзү:

Урматтуу Вице-президент мырза,
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,
Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Бүгүн биз Түркия Республикасынын Вице-президенти урматтуу Жевдет Йылмаз мырзаны Кыргыз Республикасына расмий сапары менен кабыл алып жатканыбызга кубанычтабыз.
Сапардын алкагында биз урматтуу Вице-президент мырза менен Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 12-отурумунда ийгиликтүү өткөрдүк.
Иш чарабыз салттуу достуктун, сый-урматтын жана өз ара түшүнүшүүнүн духунда өткөнүн канааттануу менен белгилейм.
Бүгүнкү жолугушуубузда биз эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулоо менен бирге, экономикалык кызматташуунун күн тартиби боюнча жакшы пикир алмаштык.
Экономикалык өз ара аракеттенүү биздин эки тараптуу мамилелерибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Түркия көп жылдар бою Кыргызстандын тышкы соода жана инвестициялык чөйрөдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири.
Биз түрк инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана алардын ишмердүүлүгү үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө даярбыз.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар