Жалган маалыматтар менен элдин пикирин терс мүнөзгө бурууга туруктуу аракет кылган Болот Темиров деген бар эмеспи, ал Кыргызстандын тышкы карызы боюнча кезектеги манипуляциясын чыгарыптыр. Экономикалык маалыматы аз адамдар, “чын эле карызга батып калган турбайбызбы?”-деп ойлоп калышы мүмкүн. Жок туугандар, Болот Темиров адаттагыдай маалыматтын бир тарабын гана көрсөтүп, жакшы жактарын жашырып коюптур. Мен толуктап коеюн. Себеби, мамлекеттин өнүгүү темпине ичи тарыган башка адамдар дагы бул маалыматты таратып жатышат.
Болот Темировдун маалыматында, мамлекеттин тышкы карызы ар бир президенттин тушунда канча өскөнү салыштырылган. Бирок ал кездеги бюджеттин көлөмүн жарыялаган эмес.
Мисалы, 2011-2017-ж.ж мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд, 2017-2020-ж.ж 4,92 млрд$ деп көрсөткөн. Бирок ал кезде мамлекеттин бюджети болгону 248 млрд сом болчу. Ал жылдары тышкы карыз ИДПнын 59-68%ын түзгөн. Тышкы карыз өлкөнүн бюджети жана ички дүң продукциясы менен салыштырылат.
Кыргызстан бүгүнкү күндө — мамлекет эгемендик алгандан бери алынган карыздардын эң көп бөлүгүн эми төлөп жатат. Мурдагы президенттер карыз алса, азыркы президент алардын алган карызын төлөп жатат. Болгондо дагы тышкы карыздын эң көп пайыздарын төлөө ушул мезгилдерге туш келди.
Азыр мамлекетибиздин консолидацияланган бюджети 1 триллиондон ашты. Ички дүң продукция да тез өсүүдө. 2020-жылы 601 миллиард сом болсо, 2025-жылы 1 триллион 780 миллиард сомго жетет. Мурда өсүш 3-4 пайыз болсо, акыркы жылдары 9-11 пайызга чыкты. Демек, карыздын көлөмү чоң көрүнгөнү менен, азыркы экономикалык мүмкүнчүлүк үчүн ал коркунучтуу эмес.
Болот Темиров жана ага окшогондор үчүн жөнөкөй мисал келтирейинчи.
Үйүңдө болгону 1000 эле сом акчаң бар, ал эми дүкөнгө 600 сом карыз беришиң керек. Бул сенин абалың өтө оор дегенди билдирет.
Ал эми, үйүңдө 10 миң сомуң турса, дүкөнгө 800 сом карызың болсо, демек бул коркунучтуу эмес.
Мамлекеттик карыз ИДПга карата 2005-жылы 84 пайыз, 2020-жылы 68 пайыз болсо, 2025-жылы 41 пайыз. Бул карызды башкарууда коркунуч жок экенин билдирет.
Эң башкысы – мурда алынган карыздар айлык, пенсияга кетсе, азыр инвестициялык киреше алып келчү долбоорлорго жумшалып жатат. Алар мамлекетке пайда алып келип, экономикага түздөн-түз салым кошот.
Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүүдө, бюджет жана ИДП бир нече эсеге көбөйдү. Мамлекеттик карыз азыркы шартта коркунуч жаратпайт.

