whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.12.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикасы жокБишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жол кыймылы чектелет

Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жол кыймылы чектелет

25-27-ноябрь аралыгында Бишкектеги жана Чүй облусундагы жолдордун айрым бөлүктөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына байланыштуу киргизилүүдө.

Чектөөлөр төмөнкү бөлүктөрдө күчүндө болот:

  • «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • Ж.Абдрахманов, С.Ибраимов жана М.Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.

Мындан тышкары, транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөрү белгиленди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар