whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.12.2025
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикасы жокПрезиденттик администрация банктарга салынган санкция боюнча түшүндүрмө берди

Президенттик администрация банктарга салынган санкция боюнча түшүндүрмө берди

Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Батыш мамлекеттери Кыргызстандагы эки банкка киргизген санкция тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, Батыш бул банктарды Россиянын Сбербанкы менен кызматташып, «акча адалдоого көмөктөшөт» деп айыптоо менен кара тизмеге киргизген.

Орунбеков мындай айыптоолор негизсиз экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, Россияда иштеген 1 миллиондон ашык кыргыз мигранты күн сайын Сбербанк жана башка банктар аркылуу Кыргызстанга миллиарддаган рубль которуп турат. Бул акча сомго айландырылып, үй-бүлөлөрүнө берилет, ал эми рублдар кайра Россиядан товар сатып алуу үчүн жөнөтүлөт.

Ал рублдардын кайра агымы кадимки эле товар-акча жүгүртүүнүн бир бөлүгү экенин белгилеп, Кыргызстан нефть, газ, метал, буудай, азык-түлүк жана курулуш материалдарын Россиядан дал ушул рубль менен сатып алат деди.

Орунбековдун айтымында, Россиянын банктары менен кызматташууну чектөө өлкөнүн каржылык туруктуулугуна, ошондой эле мигранттардын үй-бүлөлөрүнө түздөн-түз сокку болмок.

«Бул айыптоолор — Кыргызстан экономикасына бут тосуу аракетине окшош», — деп жыйынтыктады ал.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар