Дүйнөлүк басма сөздүн тарыхында лакап аттарга (псевдоним) жамынып жазуу кеңири колдонулган практика. Бүгүнкү күндө да бар. Айталы, падышалык Россияда тыңчылардан изин жашырган орус революционерлери жазган чыгармаларынын, каттарынын аягына лакап аттарын коюшканы маалым. Мисалы, Герцен макалаларына “Искандер” деп кол койсо, Г.В.Плеханов – “Ветеран”, “Немец”, “Волгин” ж.б. бир нече лакап аттарды колдонгон. Ал эми В.И. Лениндин 100дөн ашык лакап аты болгонун айтып жүрүшөт. Кыргыздын алгачкы журналист-жазуучулары да ал кездеги саясий кырдаалга байланыштуу “Эркин Тоо” гезитине лакап аттар менен жазууга аргасыз болушкан.
Лакап ат менен жазуу зарылчылык болгон
Саясий жагынан алганда “Эркин Тоо” жаралган күнүнөн тартып тап күрөшүнүн ачык жана тымызын күчөгөн жүрүшүнө өтө эле жигердүү аралашкан. Мына ушундай шартта жер-жерлердеги кабарчылар Совет бийлигине каршы аракет жасагандарды катуу сынга алган ар кыл темада макала жазып, жашыруун аттар менен жарыялап турушкан. Себеби, журналисттер жазган макаласынын айынан куу-гунтукталып, ур-токмокко кабылып, атүгүл аларды өлтүрүп коюу коркунучу да болгон. Бул тууралуу Мамасалы Абдукаримов макаласында мындайча эскерет: “Түп болушунда бай-манаптар “сен бизди газетага жазасың” дешип, кабарчы Бекташевди аябай сабашкан. Гүлчөдө кабарчы Акматовду адегенде өлөрчө токмоктошуп, анан ээн тамга камап коюшкан. Жети-Өгүз болушунда Сыдыкбек Чекиров деген манап окуучу-кабарчы Жамгырчиновду чала жан болгуча сабаган. ”Түштүктүн түлкүлөрү” деген кабары үчүн кабарчы Жоомарт Бөкөнбаевди Оштун оёндору түрмөгө каматып коюуга чейин барышкан. Айыл-кыштак кабарчыларына каршы мындай душмандык аракеттерди санай берсек эң эле көп. Мына ушуга байланыштуу 1926-жылы январь айында партиянын областтык комитети кабарчылардын укугун сактоо, аларга кол салуучуларды аёосуз жазалоо жөнүндө бардык партиялык уюмдарга жана сот-прокуратура органдарына атайын кат менен кайрылды… Аалы Токомбаев “Кабарчыдан колуңду тарт” деген өтө чечкиндүү макала менен чыкты”- деп жазган (“Биз ким элек, ким болдук?”,1977-жыл, 3-апрель).
“Кып”, “Сып” дегенден көрө “Кунт” маанилүү…
Ал эми Саткын Сасыкбаев “Адабиятыбыз телчиккен жылдары!” аттуу макаласында лакап ат тууралуу мындайча жазган:
“… Атын, атасынын атын толук жазмак турсун, атынын же фамилиясынын жартысын жазып коюучулар да көбөйдү. Маселен, Кубанычбек “Куубек” деп, Кыпаев деген эме “Кып” деп жазып койчу болду. Мен да псевдоним менен жазууну ойлодум. “Жайкы дем алыш” деген бир жанытма жазып, анын аягына “Кунт” деген псевдоним коюп, “Эркин Тоо” редакциясына алып барып Сыдыкка берсем материалды окуп, этегиндеги “Кунт” деген псевдонимди карап алып:
– Сен да псевдоним коюп алдыңбы? Бирок, “Кып”, “Сып” дегенден көрө “Кунт” маанилүү. Кунт коюу зээн коюу дегенге жатат. Ошондой болсо да макала, кабарлардын алдына толук эле ат коюп жазган жакшы, – деди.
– “Келгин”, “Селгин”, “Кенемте” дегендей, кайдагы жок аттарды коюп жазганды сиздер баштагансыздар да? – десем, Сыдык:
– “Келгин”, “Кенемте” дегендер бар, “Селгинди” кайдан алдың? – деп күлдү” (“Кыргызстан маданияты” 1981-жыл, 3-сентябрь).
Чалкандуу “Чалкар”, “Балка” болгон А.Токомбаев
“Эркин Тоо” гезитине дал ушундай лакап аттар менен гезит ар кандай макала, кабарларды жарыялашкандары тууралуу мисалдарды карасак, 1926-жылдагы гезиттин №32 санына басылган “Студком айыптуу эмес” деген макаласына Аалы Токомбаев “Чалкар” деген атты пайдаланган. Ал эми 1928-жылдын башынан тартып “Чалкар” деген лакап атын калтырып “Балка” деген лакап атка көчкөн. Өзү бул тууралуу “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1935-жылдагы №102 санына өзүнүн лакап аттары тууралуу мындай деп эскерген:
“… Эчен какшыктарды жазып, “Кызыл Кыргызстандын” бетине бузуктардын жүрөгүн солкулдата турган чалкандуу “Чалкар” болдум. Качан менин “Чалкар” деген атым билине баштагандан кийин, ал атты таштап кеттим. Андан кийин “Балка” деген лакап атка көчтүм.”
А. Токомбаев “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1928-жылдын 11-санына “Ленин өлгөндө” деген эскерме жазып, аягына “Балка” деген лакап ат менен кол койгон.
(Уландысы бар)
Айгерим КАЧКЫНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”