whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
18.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

5000 сомдук жаңы банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар