whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
19.05.2025
12.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМинистрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Төрага Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өттү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Жыйында Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү 20 маселени карашты, алардын көбү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталды.

Кабыл алынган чечимдердин бири Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарын каржылоо тартиби жөнүндө маселе болду.

Мындан тышкары, жыйында 2024-жылга карата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы бекитилди. Планда ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарындагы 40 долбоор камтылган.

Минкабдын мүчөлөрү бир добуштан Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы №32 “Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды колдоо тартибин бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоорун колдошту.

Чечим мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө пайда болгон пикир келишпестиктерди чечүүдө инвесторлорго жардам көрсөтүү жана колдоо көрсөтүү механизмин өркүндөтүүгө багытталган.

Ошондой эле Минкаб төрагасы мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди, тактап айтканда, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаевага борбор калаанын автобекеттеринде калкты тейлөөнүн көчмө борборлорун уюштуруу боюнча, министрликтердин тиешелүү жетекчилерине — лыжа кластерин ишке ашыруунун долбоорун Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынына киргизүүнү, ал эми Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайлардын биринчи кабаттарына бала бакчаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар