Бизге бейпил турмушту, гүлдөп өскөн бакубат жашоону тартуулоо үчүн Улуу Ата Мекендик согушта канчалаган ата-бабаларыбыз өз өмүрлөрү менен кош айтышкан. Алардын катарында атамдын бир тууган агасы Жумалиев Төрөбек да бар. Ал согуш мезгилинде дайынсыз болгон. Бирок кийин СССРдин архивинен агам Төрөбектин фашисттерди талкалоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн «Кызыл Жылдыз» ордени менен сыйлангандыгы тууралуу маалымат чыккан.
Чоң апабыз Курманжан сөздү орду менен сүйлөгөн сөзмөр, карыса да сымбатынан жазбаган, сулуусунан келген аял эле. Убагында эркектер менен тең тайлаша иштеп, согуш мезгилинде үй-бүлөсүн ачка калтырбай, элге да жардамы тийген.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде оорукта калган бала-бакыра, аялдар менен аштык эгип, согуштагыларга эгин, кийим кече жибергенге көмөктөшүптүр. Кийин чоң апам мындай демилгеси жана жасаган эмгектери үчүн атайын сыйлыктар менен сыйланыптыр. Апам чоң апам жөнүндө согушка кеткен уулун
дайыма умсунуп күтүп, ойлуу жүрөр эле деп айтчу. Көпчүлүк да чоң апамды уулу согушта дайынсыз болуп, же тирүү экени билинбей калгандыктан, ал өмүрүн уулун күтүү менен өткөрдү деп айтып калышар эле.
Күтүү
Күтүү менен өтүп кетти өмүрүң,
Чөгүп жүрдү жаркыраган көңүлүң
Жолду карап үмүт менен телмирип,
Кайгы сизди алып кетти кемирип.
Көз өткөнчө үмүтүңдү үзбөдүң,
Жамандыкты такыр эле күтпөдүң.
Жолун тосуп уулум аман келет деп
Күтүп жүрүп өтүп кетти өмүрүң.
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап,
Ыйлап жүрдүң көз жаш төгүп буркурап.
Күткөн уулуң кайра кайтып келбеди,
Ажал кайтып Төрөбекти бербеди.
Атам менен чоң энем чогуу отурганда Төрөбек акем жүнүндө кеп кылып, эгер тирүү болгондо эл баккан адам болмок, мүнөзү да ачык айрым, шартылдап кайраттуу эле деп калышчу. Ал эми бул аскер командири Маслов жиберген ыраазычылык кат 1942-жылдын 18-сентябрында айылга, үй-бүлөсүнө келген экен. Ал учурда Төрөбек акебиз Ленинградды коргогондордун катарында, майданда салгылашып жаткан учуру болот. Катты орус тилинде эле келтирейин:
«Боевой красноармейский привет! Шлем вам с далекого Ленинградского фронта. Вам, дорогие товарищи Джумалиевы, вам колхозники колхоза «Аку-Джар», вам киргизский народ! Благодарим вас за то, что в вашей среде вырос такой замечательный, смелый, отважный патриот нашей Родины Джумалиев Торобек. В боях с немецкими захватчиками у стен великого города Ленина, он вместе с русским, украинцем, белорусом, евреем, марийцем, татарином защищает подступы к городу, в котором никогда не ступала нога интервента. Он вместе с другими переживал трудности, но ни на минуту его стойкость не поколебалась”.
Андан ары бул катта Кызыл Армиянын жоокери Төрөбек Жумалиев Ленин шаарын татыктуу, кайраттуулук жана жан аябастык менен коргоп жаткандыгы айтылат. Ал эми немец баскынчыларына каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Жумалиев Төрөбек Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланганы белгиле-нет.
«Его наградили за то, что он, не щадя своей жизни, громил немецких оккупантов у стен города Ленина. Страна высоко оценила его подвиги. В нас-тоящее время Торобек жив и здоров, продолжает вести борьбу с немецкими оккупантами. Еще раз благодарим вас, товарищи Джумалиевы, за Торобека. Желаем вам побед на трудовом колхозном фронте. От ваших побед зависят и наши победы. Будьте спокойны, товарищи! Немецкий фашизм будет разбит, так как миллионы таких, как ваш Торобек, ведут ожесточенную борьбу. Будьте стойки, мужественны!
С боевым приветом военком Маслов».
Өкүнүчкө жараша чоң апамдын, бир тууганы атамдын күткөндөрү акталбады. Чоң атабыз кайтып келбеди. Россиянын “Память народа” сайтынан Төрөбек Жумалиев 1913-жылы төрөлгөндүгү, 1941-жылы аскерге чакырылганы, катардагы жоокер болгондугу, кабарсыз жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат бар. Ошол эле документтерде чоң атабыз 268-дивизиянын 942-полкунда кызмат кылгандыгы, “Кызыл Жылдыз” ордени менен сыйландыгы тууралуу маалыматтарды уулум Улук тапкан эле. Айтмакчы, чоң атабыздын бул сыйлыкты кандайча алгандыгы тууралуу сыйлык баракчасында мындайча жазылат:
ЯМ-И.Корской түйүнүн жок кылуудагы каршылык көрсөтүүдө жол. Т. Жумалиев душмандын трашеясына биринчи болуп кирип барып, граната жана штык менен 7 фашистти жок кылды. Немистер биздин катарыбыздын сол жагынан кайра чабуул жасоого аракет кылганда, Жумалиев командир жарадар болуп калгандан кийин 7 жоокерге башчылык кылып, немистерден тартып алган пулемету менен дагы он баскынчыны тынчытты. Жарадар болуп калса да согуш талаасынан кеткен жок. Мамлекеттик “Кызыл Жылдыз” орденине татыктуу.
943-кошмо полктун командири, 942-кошмо полктун аскер комиссары / Козино.
Батальондун улуу комиссары / Маслов
9-май
Жеңиш күнү
Узатты деп туулган жерим согушка,
Кайрат айтып, кайгыда да болушса.
Ал кездеги жоого аттанган жаш балдар,
Азыр эми жашы улгайган аталар.
Кайтпай калды канчалаган аталар,
Урпактарга жеңиш алып келем деп.
Өз мекенин жырткычтарга жем кылбай,
Кантип турмак душман менен кармашпай.
Жалтанбастан чабуул коюп чечкиндүү,
Жан аябай мекен үчүн кармашта.
Октор жаап жатса дагы коркпостон,
Болгон жокко аларда түк чегинүү.
Душмандарга тепсетпейм деп жеримди,
Далай жандар бул согушта окко учту.
Катаал жолдо уктабастан күнү-түн,
Канчалары жер кучактай жыгылды.
Аталардын алып келген жеңишин,
Урпактары унутпайлы, барктайлы.
Аталарга таазим кылып бул күндө,
Өтүп кеткен өмүрлөрдү даңктайлы.
Элмира ЖУМАЛИЕВА,
экс-депутат,
экономика илимдеринин доктору, акын, котормочу