Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын шаарлары менен айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык аймактык реформаны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү” жарлыгына ылайык келген башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган иштер соңуна чыгып калды.
Административдик-аймактык реформанын негизги максаты региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо болуп саналат.
Реформанын алкагында Сокулук районунун Жаңы-Жер жана Жаңы-Пахта айыл аймактары кошулуп, Жаңы-Пахта айыл өкмөтү болуп түзүлдү. Айыл өкмөттүн башчысы Максат Абдыкеримовго төмөнкү суроолор менен кайрылдык.
—Максат Кадырбекович, жаңы түзүлгөн айыл аймагы тууралуу кеп кылсак?
– Ооба, реформанын алкагында кайрадан каттоодон өттүк. Жаңы-Пахта айыл аймагына: Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Нижне-Восточное, Верхне-Восточное, Заря, Мирное, Майское, Зеленое, Западное, Ак-Кашат айылдары кирет. 3116 кожолукта 17285 миң калк жашайт. 3 орто мектеп, 3 толук эмес мектеп жана 2 башталгыч мектеп бар. Мындан сырткары 1 кесиптик лицей 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 ФАП жана 2 стоматология, 1 маданият үйү, 2 айылдык китепкана, 1 реабилитациялык борбор, 2 сейил багыбыз бар. Айылдык кеңешинин депутаттарынын саны 42. Жалпысынан 20300 гектар жер.
– Айыл өкмөтүндө көйгөйлүү маселелерди чечүү иштери колго алынса керек. Дегеним, каттоодон өткөндөн кийин ишти эмнеден баштадыңыз?
– Туура, жакында эле жаңы муниципалдык ишкана ачтык. Мурда “Таза аймак” аттуу ишкана болгон, ал ишканада 5 кызматкер эмгектенген. Он айылды тейлегенге беш кызматкер аздык кылат. Ошондуктан, жергиликтүү айылдык кеңештин кароосуна коюп, эки аймакты тейлегенге 22 штаттык бирдикти бекитип беришти. Штаттык бирдикте: башкы инженер, эсепчи, айдоочу, тракторист, кароолчу, тазалоочу ж.б. кыскача айтканда
ТОП, МОПтун кызматкерлери менен биргеликте 22 штаттык бирдик бар.
Учурда 2025-жылга чейинки иш-пландарыбызды бекитип жатабыз. Негизинен муниципалдык ишкана жыл сайын айыл өкмөттөн акчалай каражатын албастан, өзүн-өзү багыш керек.
Ошондуктан, Жаңы-Жер айыл аймагында өнөр жайга деп 6,3 га жер бар болгондуктан, Сокулук райондук мамлекеттик администрацияга айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүүгө уруксат бериңиздер деп кайрылдык. Биз ошол жерди айыл өкмөттүн балансына алып туруп, ишканага өткөрүп берели деп жатабыз. Бүгүнкү күндүн талабы ушундай.
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров реформанын алкагында ар бир айыл өкмөткө 10 млн. сомдон акчалай каражатын бөлүп беребиз, ал каражатты техника ж.б. айыл өкмөтү муктаж болгон нерселерге максаттуу жумшагыла деп айткан.
Биз ошол акчага Логистикалык борбор куралы деп чечтик. 2 гектар жерине муздаткыч, 2 га жерине калдыктарды кайра иштетип, биогумыс жер семирткичтерин жасап, кайра саталы деп жатабыз. Эки гектардан ашыгыраак жери калып жатат, ага инвестиция тартып, тармактык цех, сүттү кайра иштетүүчү цех, консерва цехтерин курганга мүмкүнчүлүк түзүп берели деп жатабыз. Себеби, айыл өмөттүн курамындагы айыл жашоочуларынын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенишет. Алардын өндүргөн жашылча-жемиштерин сактоого жай жок. Буюрса, ушул логистиканы куруп алсак, эки жылда өзүн актап, кийинки жылдары кирешеге иштеп баштайбыз. Эң негизги максатыбыз калкты жумуш орду менен камсыз кылуу.
– Максат Кадырбекович, базар курулат деген сөздөр дагы айтылып жатканын билебиз…
– Жогоруда айтылган 6,3 гектар жердин бир гектарын алып, бүгүнкү күнгө чейин Жаңы-Жер айылында мыйзамсыз иштеп келген мал базарды куралы деп жатабыз. Документтерин бүтүрүп, расмий айыл өкмөттүн балансына өткөрүп, жарымын мал базар, жарымын машине токтотуучу жай кылалы деген пландар бар.
Биринчиден тазалыкты сактайбыз, экинчиден, жарандар малдарын мыйзамдуу жерде туруп алып сатышат. Андан сырткары, машинелер чөп, жүгөрү ж.б. сатканга жолдун боюна токтотуп коюшат. Алар айылдын жашоочуларына, ары-бери өткөн машинелерге тоскоолдук жаратат экен. Базарда турса, керектөөчүлөр ошол жерге барып сатып алышат.
Андан сырткары, мен айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринен кайсы жерде ылайыктуу жер бар болсо 50 сотых жер тапкыла деп тапшырма бердим. Ал жерге айылдын жарандарына килем ж.б. үй буюмдарын жууганга жай куруп берели деп жатабыз. Себеби, алар көрүнгөн жерлерге, жолдорго килемдерин жая салып эле жууп башташат. Атайын жай даярдап берип койсок, анча-мынча акчасын айыл өкмөттүн кассасына төлөп коюп, таза жерге жууй беришсин да.
– Ар бир айыл өкмөтүндө таштанды маселеси биринчи орунда турат. Бул көйгөй сиздерде чечилгенби?
– Биздеги орчундуу маселе деп таштанды ыргыткан жайды айтсам болот. Жакында эле экологиялык адистер келип, күз айларына чейин чечкиле деп эскертүү берип, 17 миң сомго айып пул жазып кетишти.
Жыйынтыгында, айылдык кеңештин депутаттары, калкыбыз менен сүйлөшүп, бир пикирге келиштик. Жаңы-Жер жана Жаңы-Пахта айылдарынан жер бөлүп, өлүк малды, таштандыларды ыргыткан атайын жайларды даярдай турган болдук. Жергиликтүү бюджеттен 1млн. сом бөлүндү, автоунаалары бар айылдын жашоочулары таштанды чыгарышканга жардам бергенде күйүүчү майларын айыл өкмөт куюп берип тургандай кылдык.
– Келечектеги иш-пландарыңыз менен бөлүшө кетпейсизби?
– Учурда Суу департаменти рес-публикалык бюджеттин каржылоо-сунун негизинде Жаңы-Жер айылында таза суу түтүктөрүн толук алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Андан сырткары, жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен айылдарды таза суу менен камсыз кылуу-да 2000 метр аралыкты түзгөн суу магистралынын 2 насосун алмаштыруу иштери турат. Андан сырткары, Жаңы-Пахта айылына 2 километр таза суу магистралы, Заря айылына жаңы таза суу скважинасын орнотуу жана Жаңы-Пахта айыл аймагында таза суу системасын жаңылоо иштери планга киргизилген.
Ушундай эле калкты таза суу менен камсыз кылуу иштери Жаңы-Жер айылында да ишке ашырылат.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”