Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагы борборго жакын, жаратылышы кооз куттуу аймак.
Аймактык территориалдык реформанын алкагында кандай иштер жүрүп жаткандыгын билүү максатында жаш болсо да, алдыга чоң максаттарды коюп кызматка киришип жаткан өкмөт башчы Самат БОЛГОНБАЕВ менен маектешип кайттык.
– Самат Таалайбекович, сиздерде аймактык территориалдык реформа кандай өңүттө өттү?
– Реформанын алкагында Таш-Дөбө жана Арашан айыл өкмөттөрү биригип, Арашан айыл өкмөтү болуп түзүлдүк. Бизге — Арашан, Сүймөнкул Чокморов, Таш-Дөбө, Заречная, Малиновка айылдары кирет. Буга чейин Бер-Булак айылы Таш-Дөбө айылынын карамагында болуп келсе, бүгүнкү күндө өз алдынча айыл статусуна ээ болуу алдында турат. Андан тышкары Чуңкурчак, Кара-Булак жайлоолору Арашан айыл өкмөтүнүн аймагына кирет.
Ошондой эле буга чейин Таш-Дөбө айыл аймагына караган Орто-Сай айылы реформанын алкагында Бишкек шаарына карап жатат. Бизде 12500дой адам расмий каттоодо турса, аймакта жаңы конуш көп болгондуктан келип-кеткендердин агымы жогору.
Аймакта дача катары саналган жайларды дача катары колдонбой, туруктуу турак жай катарында жашап жаткан болжолдуу түрдө 20 миңге жакын калк бар. Борбор шаарга жакын болгондуктан бул жактан шаарга барып-келип иштегендер арбын.
– Таза суу маселесине токтолсоңуз?
– Таза суу маселеси толук кандуу чечилген деп айтуу кыйын. Албетте, көйгөйлөр бар. Мисалы Арашан айылынын таза суусун алсак, айыл тургундары агып келген булак суудан эле колдонот. Жайдын күнү суу тартыштыгы бар.
Таш-Дөбө айылынын тургундары да таза сууну жердин астынан скважинадан алат. Ал жакта да күн ысыганда суу тартылып кеткендиктен, тургундарга суу жетишпестиги жаралат.
Бүгүнкү күндө дагы 2 скважина казылып, иш-кагазы даярдалып, бир скважинанын долбоору жасалууда. Буюрса, Бер-Булак айылындагы жаңы конуштун таза суу маселеси чечилип калат. Экинчи скважина боюн-ча ал жактын да иш-кагазы бүтүп жатат.
Андан тышкары Заречное, Чоң-Таш айылына скважина куруу боюнча иштер башталды. Ал эми Таш-Дөбө айылында 4 көчөнүн суу түтүктөрүнүн тетиктерин алмаштыруу пландалган. Алдыда ушул маселелерди бүтүрүп алсак, суу тартыштыгы азайып, бир топ орчундуу маселелер чечилет.
– Муниципиалдык ишканалардын абалы кандай?
– Буга чейин Арашан, Таш-Дөбө аймагында муниципиалдык ишканалар иш жүргүзүп келген. Аймактык реформанын алкагында эки ишкана биригип, “Арашан-Биримдиги” муниципиалдык ишканасы түзүлдү. Бул ишкана аймактагы тазалык, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жайыт иштеринин бардыгын жүргүзөт.
– Жайыт боюнча көйгөйлөр жокпу?
– Жайыт жерлерди буга чейин жайыт комитети карап келсе, аймактык территориалдык реформадан кийин бул маселе айыл өкмөтүнүн кароосуна өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө жайыт маселеси муниципиалдык ишкананын карамагында.
Жайытка барчу жолдорду убагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 10км.ге жакын жол салдык. “Чуңкурчак”, “Кара-Булак” жайлоолоруна каттаган эл агымы көп болгондуктан жолдорду грейдер менен тазалоо иштери дайыма жүрүп турат.
– Сиздердин айыл аймак туристтик зоналарга жакын жайгашкан эмеспи. Аларга кандай шарт түзүп берип жатасыздар?
– Аймактагы Чуңкурчак, Татыр, Кара-Булак жайлоолору боюнча айтсам, негизги көйгөй жол маселеси. Жолду оңдоп-түзөөдө алар да өз салымын кошуп, бизге жардам берип турушат. Туризмди өнүктүрүү максатында ал жакка каттаган жолго асфальт төшөө боюнча мамлекет менен биргеликте долбоорлор иштелип чыгууда.
– Аймактын эли негизинен эмне жумуш менен алектенишет?
– Биздин аймак шаарга жакын болгондуктан, барып иштегендер көп. Мындан тышкары, мал чарбачылыгы, жер иштетүү, туризм тармагында эмгектенишет. Эс алуу жайларында иштегендер учур талабына ылайык кемпинг, акварель тибиндеги үй куруп жатышат. Кыскасы, элибиз агымдан артта калбай эмгектенүү менен гана алек болушууда.
– Социалдык мекемелер жетиштүү элеби?
– Социалдык жактан бала бакча көйгөйлүү маселе болуп келет. Таш-Дөбө айылындагы бала бакча көйгөйүн чечүү максатында эски бала бакчанын имаратын толук оңдоп-түзөөгө долбоор даярдалып, иш башталганы турат. Бер-Булак айылындагы мектепке кошумча имарат курууга иш-кагаздарын даярдап өткөрүп алсак, долбоордун үстүндө иштеп баштайбыз.
– Тоого жакынсыздар да, сел жүрүү коркунучу жокпу?
– Ооба, жаз мезгили жаан-чачындуу болуп жатпайбы. Бизде туристтик аймактар арбын болгондуктан арыктарды маал-маалы менен тазалап турабыз. Буга чейин Бер-Булак айылында сел жүрүү коркунучу жаралган аймак бар экен. Аны Өзгөчө кырдаал министрлигинин атайын адис-тери келип, селдин алдын алуу иштерин жүргүзүп кетишти.
– Самат Таалайбекович, алдыда аткарыла турган кандай ой-максатыңыздар бар?
– Албетте, алдыга койгон иш-максаттарыбыз көп. Арашан айылында сендвич панель чыгара турган завод курулуп жатат. Ал ишке кирип калса 30га жакын жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болот. Ошондой эле аймакта эки БСР бар. Бул БСРлерди тазалап, сугат ишин убагында жүргүзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.
Арашан айылындагы жаңы конуштун жолуна асфальт төшөө максатында Чүй Өнүктүрүү фондуна долбоор тапшырганбыз. Бул долбоор өтүп калса, жаңы конуштун негизги жолуна асфальт төшөлөт.
Андан сырткары, Арашан айыл аймагына караштуу Таш-Дөбө айылындагы маданият үйү жыл аягына чейин толук оңдолуп бүтүп калат деп турабыз. Арашан айылына суу сактагыч куруу боюнча Финансы министрлигине долбоор жөнөтүлүп, колдоого ээ болду. Быйыл бул ишти аягына чыгарабыз.
Суу маселесин чечүүдө Таш-Дөбө айылындагы суу түтүктөрүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иши жакын арада башталат. Бул жакта суу насос менен алынат. Ошол насосторду жаңылоо иштерин жүргүзөбүз.
Арашан айылынын Татыр, Чуңкурчак жайлоосуна кетип бараткан жолдогу ФАП такыр каралбай калыптыр. Азыр ал жакты да толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп алсакпы деп жатабыз. Себеби, аймакка чет жактан келген туристтердин саны да жылдан-жылга көбөйүп жаткандыктан, бул туристтер үчүн көрүлгөн шарттардын бири болот эле.
Аймакта балдар аянтчасына муктаждык бар. Азыр демөөрчүлөр менен сүйлөшүп, жыл аягына чейин балдар аянтчалары да курулуп калат деген ниеттебиз.
Анан биздин аймак туристтик аймак болгондуктан эс алуучулар көп болот. Мындай аймакта тазалык маселеси чыгат эмеспи. Себеби, канча эс алуучу келсе, айрымдары эс алган жерине же жолдун жээгине таштандыларды таштап кетишет. Канчалык түшүндүрүү ишин жүргүзсөк да бул маселени аң-сезимдерге жеткире албай келебиз. Андыктан эс алуучулар эң биринчи тазалык, экология маселесин ойлонушса. Алар эс алып кеткен жерге эртең эле дагы бирөөлөр келээрин эстеринен чыгарышпаса.
– Аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча эл арасында маселе жаралган жокпу?
– Андай деле орчундууу көйгөй болгон жок. Азыр заман өнүгүп, телефон, ватсап менен кабарлашып жатабыз го. Ар бир айылда айыл башчы бар. Айыл башчылар айыл эли менен тыгыз байланышта. Кандайдыр бир документ керек болсо Түндүк порталынан алууга ар бирибизде мүмкүнчүлүк бар. Биз Арашан айылы менен Таш-Дөбө айылынын эли бири-биринин ортосуна кенен каттасын деп транспорттук каттамды жандантуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Буюрса, бул иштердин бардыгы алдыда аткарылат деген терен ишеничтемин.
Кенже ОСМОНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”