whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБишкекте С.Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри расмий жолугушту

Бишкекте С.Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри расмий жолугушту

Бүгүн, 15-майда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

“Ала-Арча”мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астына Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн. Өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышкандан кийин, Кыргызстан менен Малайзиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин эки өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Андан соң Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматкерлери өлкө башчыларынын алдынан салтанаттуу марш менен өтүштү.

Андан кийин президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим биргелешкен сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар