whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүWildberries Чүй облусунун аймагында заманбап логистикалык борбор курат

Wildberries Чүй облусунун аймагында заманбап логистикалык борбор курат

Чүйдө Wildberries платформасынын логистикалык борбору салынмакчы. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Казанда «Россия — Ислам дүйнөсү: Kazan Forum» иш-чарасында маркетплейстин башчысы Татьяна Бакальчук, экономика министринин орун басары Назарбек Малаев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев жолугуп, инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.

«Ири долбоор ишке ашса, жаңы чакан жана орто ишканалар өнүгүп, эл иш менен камсыз болот. Ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтет», — деп айтылат маалыматта.

Ведомство азыр маркетплейсте 17 миңден ашык кыргызстандык сатуучу катталганын, Бишкек менен Ошто анын эки сорттоочу борбору, 130дан ашык буйрутма жеткирүү пунктулары бар экенин белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар