Окурмандардын эсинде болсо, мындан бир ай мурун гезитибизге жана сайтыбызга Ысык-Ата районуна караштуу Кара-Булуң айылы менен Нооруз дачасынын тургундары 15 жылдан бери таза суу, сугат суусуз калып, мал кечкен ылай сууну ичип жатышканын чагылдырганбыз. Видеоматериалда бул айылдарда бак-дарактар куурап, жакшынакай үйлөр кароосуз калып, четинен урап жатканы да айтылган эле. Айыл активисттери буга чейин айыл өкмөтүнө, райондук акимиатка кайрыла берип эч натыйжа чыгара алышпаганын ачык айтып беришкен болчу.
Жакында Кара-Булуң айылынын активисти Кулмырза Жолбунов биз менен байланышып “Кыргыз Туусунун” сайтына жарыяланган видеоматериалдын таасири менен иш алдыга жылып, айыл өкмөт башчысы таза суу киргизүүгө белсенип кирише баштаганын кабарлады. Биздин жамаат үчүн бул абдан жагымдуу кабар болду. Себеби, бул айылды тартканы барганда кунары качып турган айылдын акыбалын, алыстан суу ташыган элдин кыйналганын көрүп зээнибиз кейиген. Эми минтип, “жакшынын шарапаты” дегендей карапайым элге пайдабыз тийгенине биз да курсант болуп отурабыз. Кыскасы, быйыл 100 жылдыгын белгилеп жаткан “Кыргыз Туусу” гезитинин жамааты мындан ары да эл көйгөйүн чагылдырып, калк кызматында болууга даярбыз демекчибиз.
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»