whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.01.2026
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаданият жана адабиятМаданиятОроз АЙДАРОВ: “Театрларда иштөө системасын өзгөртпөсөк болбойт”

Ороз АЙДАРОВ: “Театрларда иштөө системасын өзгөртпөсөк болбойт”

Акыркы жылдарда мамлекет маданиятка көңүл буруп, бир топ жылыштар боло баштады. 32 жылдан бери имаратсыз жүргөн Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын имараттуу болушун ошол жылыштардын натыйжасы десек болот. Кезинде Караколдогу К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын ачууга катышып, Жаш көрүүчүлөр театрында, Кыргыз драма театрында, Куурчак театрында үзүрлүү эмгектенип, кийин “Учур” театрын түптөгөн, учурда Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп турган Ороз АЙДАРОВ бизге театр жаатындагы жылыштарды, бул тармакты өнүктүрүү жолдорун айтып берди.

– Ороз агай, былтыр июнь айында Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилген. Андан бери эмне иштер аткарылып, кандай спектаклдер коюлду?

– Бул имаратты алуу үч уктасак түшүбүзгө кирчү эмес. Бул маселе Президент Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамы менен чечилип калды. Мамлекет имаратты эле чечип бербестен сахнасын, жарыгын, музыкасын 18 млн. сомго оңдотуп берди. Жетекчилер минтип бизге жакшы мамиле жасап жаткан соң биз да театрды өнүктүрүү жаатында изденип жатабыз.

Имаратты алганда сахнанын туурасы эки эле метр экен. Биз алдыңкы орундуктарды алып 10 метрге чейин кеңейттик. Жүздөн ашык жаңы прожекторлорду алып келип орноттук. Пульт менен башкарыла турган музыкалык жаңы аппаратураларды алдык. Кыскасы, былтыркы жай мезгилинен быйылкы жазга чейин тынган жокпуз. Быйыл жаз алды менен театрды Чыңгыз Айтматовдун “Эрте жаздагы турналар” спектакли менен ачтык. Кийин “Келиндер козголоңу” комедиясын, өспүрүмдөр үчүн “Чокчолой баатыр” жомок-спектаклин, “Алыкул”, Мурза Гапаровдун “Күнөстүү арал” спектаклдерин койдук. Жайкы эмгек өргүүдөн кийин атайын тажрыйбалуу режиссёр чакырып классикалык спектакль коёлу деп жатабыз. Бул чыгармачыл топко мастер-класс катары да болуп калабы деген ой бар. Андан соң Меңди Мамазаированын “Курьер” спектаклин жана Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата репрессия-ланып кеткен инсандар жөнүндө тарыхый бир агымдын үзүндүсүн сахналаштырсакпы деп турабыз. Булардан кийин Жалил Садыковдун “Эр Төштүк” спектаклин коёбуз. Андан сырткары бизде пландан сырткары коюла турган комедиялар да бар. Штаттарыбыз толукталса ай сайын бирден комедия коёбуз.

– Театрга жаш таланттардын келиши, кызматкерлердин маянасы кандай болуп жатат?

– Театрларда маяна эки жолу көтөрүлүп, биринчисинде улуттук театрлардын гана маянасы жогорулап, облустук театрлардын эмгек акысы көтөрүлбөй калган. Ошол себептен азыр биздин алдыңкы артисттерибиз 12-13 миң сомдун тегерегинде маяна алат. Бул өтө чоң акча эмес. Бирок, Акылбек Жапаровдун жайкы эмгек өргүүгө чейин же андан кийин облустук театрлардын маянасын жогорулатып берүү убадасы бар. Бул ишке ашса маяна жагынан башка театрларга теңеле түшөбүз го деп турабыз.

– Ороз агай, жогоруда өзүңүз айткандай мамлекет маданият тармагына жакшы каражат бөлгөнү менен негедир театрларыбыз жакшы өнүкпөй жаткандай. Буга эмне себеп?

– Ооба, акыркы жылдарда мамлекет тарабынан театрларга жакшы эле акча каралып жатат. Бирок, биз эски система менен иштеп жатабыз. Союз доорунда кечкисин эл театрларга агылып келе турган болсо, рыноктук экономикага өткөн соң элдин аң-сезимин, мезгилди социалдык тармак ээлеп алды. Ал эске алынбай эле азыр театрларда союз доорундагыдай бир директор, анын орун басары жана бир администратор отурат. Чындап келсе жалгыз администратор бир спектаклди даярдап, элге жеткирүүгө, жарнамалоого, сатууга жетишпейт. А чет өлкөлүк алдыңкы театрлардын алдында болсо атайын продюсердик борборлор бар. Бир борбордо эле коом менен иш алып баруучу, уюштуруучу, пиар, жарнамалык, мониторинг жүргүзүүчү болуп отуруп беш менеджер иштейт экен. Ар бир менеджер өз-өзүнчө социалдык тармактар менен тыгыз иш алып барат. Ошондой эле алар кайсыл спектакль кай жерде, кайсыл мамлекетте суроо-талап жогору  экенин анализдеп, ошого жараша иш жүргүзүшөт. Эгер биз улуттук маданиятыбызды жайылтабыз десек ушундай системага өтүшүбүз керек. Бул учур талабы.

– Демек, театрга элдин анча кызыкпай жатышы жеке эле каражат маселесинде эмес экен да?

– Эгер көрүүчүнү мажбурлап театрга алып келсек ал экинчисинде шедевр койсоң да келбейт. Качан биз жарнама кылып, элди кызыктырсак, аларда театрга болгон кызыгуу жаралат. Биз антпей, тескерисинче, көрүүчү келе электе эле анын табитин бузуп алып жатабыз. Бир нече спектаклди бир администратор уюштуруп, аким, губернаторлорго билет алып койгулачы, келип койгулачы деп жалдырап жүрөт. Чындап келсе аким, губернаторлор билет сатып берүүгө милдеттүү эмес да. Ошондуктан элдин театрга тартылуу сезимин канткенде ойгото алабыз деген маселени чечишибиз керек. Ал үчүн театрлардын штаттык бирдиктерин карап, кереги жок штаттарды жоюш керек. Алсак, Академиялык театрдын өзүнүн тигүүчү, бутафордук, темир ширеткен цехтери бар. Булардын баары токтоп турат, спектакль коюларда тендер жарыяланып, костюмдар бөлөк жактан даярдалып келип жатат. А тиги цех кызматкерлери иштебей эле айлык алып жүрөт. Режиссёр чакырсак дагы тендер жарыяланат. Тендерде биз каалабаган, тажрыйбасы азыраак режиссёр утуп алса, биз аны каалайбызбы, каалабайбызбы ал коюуга акылуу. Анда биз репертуардык саясатты кантип жүргүзөбүз? Муну убагында көп эле депутаттар айтып, оңдойбуз дешкен. Бирок, ушу күнгө чейин бул ишке ашпай турат.

– Канткенде театрларыбызга жаңылык киргизип, артисттерибизди жаңыча дем менен иштетсек болот?

– Азыр мамлекет тарабынан бир жылдык планга, кийинки жылдык планга деп миллиондор бөлүнүп жатат. Мисалы, бир жылга 5 миллион бөлүнсө, бир спектакл-ге бир миллион жумшап жатабыз. Ошону менен бирге эле коротулган акчадан кайтарым болбой калып жатат. Рыноктук экономика болгондуктан миллион сом жумшалган спектакль жыл аягына чейин 5 миллион табышы керек. Ошонун эки миллионун театрдын өсүү фондусуна калтырып, калганын театрдын чыгымдарына жумшашыбыз керек. Ошондо беш спектаклден кайра бизге 10 миллион чогулуп калмак дагы, бизге эркин, классикалык спектаклдерди коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондуктан жогоруда айтканымдай театрлардын иштөө системасын өзгөртсөк, продюсерде да кызыгуу пайда болот. Акча жетиштүү болсо продюсер театрлардан таланттуу артисттерди топтоп, эң мыкты спектаклди коюуга далалат кылмак. Ошондо театрда кандайдыр бир жаңы дем, жаңылануу болмок деп ойлойм.

– Жаңылануу демекчи, келечекте театрдын репертурарында кандай жаңылыктар болушу күтүлүүүдө?

– Жогоруда айткандай, кыргыз Чехову аталган Мурза Гапаровдун чыгармаларын Шамиль Дыйканбаев сахналаштырсам деп турат. Ошондой эле Кубатбек Жусубалиевдин “Күн өзүнүн портретин тартып бүтө элек” чыгармасын коёбуз деген максат бар. Мындан сырткары, Сагымбай Орозбаковдун “Манасын” даярдайбыз деген ниет алдыда турат. “Манас” эпосун сахналаштырыш үчүн үч-төрт жыл даярдык керек. Бирок, акырындык менен ага да жетебиз деген ой бар. Өкүнүчтүүсү, азыр Манас кыйын дебей эле, Манас аркылуу мен кыйынмын дегендер көбөйдү. Мындан сырткары Калык Акиевдин вариантындагы “Курманбекти” сахналаштырсак деп жүрөбүз. Себеби, бул чыгарманы кинорежиссёр Тарковскийдин атасы орусчага кудум өзү жазгандай которгон экен. Ушул сыяктуу башка кичи эпосторубуз да жатат.

– Акыркы учурда улуттук маданиятыбызды даңазалоо боюнча да аракеттер болуп жатат. Бул жаатында оюңуз кандай?

– Биз улуттук десе эле кыргыз улуттук кийимин кийинтип, кыргызча ырдатып койсо эле улуттук болуп калат деп ойлойбуз. Бул эң чоң жаңылыштык. “Чыңгызхандын ак булутун коюп жатканда” улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов жалпы адамзаттын баалуулугу жөнүндө кеп кылып келип “Дүйнөлүк маданиятта кыргыздын орду каерде? Французга караганда кыргыз кандай ой жүгүртөт? Кыргыздын баалуулугу эмнеде?” – деген суроолорду койду эле. Ошондуктан биз улуттук дегенде кыргыздын ой толгоосуна, жаратылышка, жаныбарларга кылган мамилесине маани беришбиз керек. Азыр канткенде ушуну элге жеткиликтүү кылып чагылдырып бере алабыз деп түйшүк тартып жүрөбүз. Канткенде эл бизди чарчабай көрөт деген ой да кыйнайт.

– Болгону 43 кызматкери бар бул театрдын директору кошумча штаттарга сатирик, музыканттарды алабыз деп айтып келет. Бул жагы кандай чечилип жатат?

– Башка облустук театрларда жүздүн тегерегинде кызматкерлер болсо, биз имаратыбыз жок ар кай жерде жүрүп кыскарып кетиппиз. Эми үстүбүздө үйүбүз болгон соң кароолчу, короо шыпыргыч, спектаклди алып барган ассистент өңдүү штат керек. Министрибиз Алтынбек Максүтов өзү театрдын адамы болгондуктан муну түшүнүү менен кабыл алып, театрдын штатын кеңейтүү чечилип жатканын айтты. Ага чейин чыгармачылык топту толуктоо боюнча биз сатирик, музыканттар менен сүйлөшүп жатабыз. Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов өңдүү сатириктер менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кызыгы, оң жагыбызда Дооронбек Садырбаевдин, сол жагыбызда Төлөмүш Океевдин эстелиги турат. Демек, бизди колдогон эки канатыбыз бар экен. Анан ушул имаратыбыздын капталдарындагы аянтчаларга да жайкы аянттык театрды уюштуруп жиберсекпи деген ой бар. Керек болсо салттуу көчө театрын өзгөртүп, Ош базарына да чыгып турсакпы деген план болуп жатат. Башкача айтканда, биз азыр элдин сезимине чындап барышыбыз керек болуп турат. Себеби, мурдагыдай мажбурлап элди театрга тарта албайбыз.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

Гезит

2025-й в цифрах и фактах

Рост ВВП ВВП Кыргызской Республики в январе-ноябре 2025 г. увеличился на 10,2%.  Сильные инвестиционный и потребительский спрос продолжают составлять опору роста экономики. Инвестиции в основной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар