whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
34.9 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБайтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Байтик баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Бүгүн, 28-майда Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу бүгүндөн тарта Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылды.

Ал эми Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Иса Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар