whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖашоо узарып, төрөт азайып...

Жашоо узарып, төрөт азайып…

2050-жылга карата дүйнөдө адам өмүрүнүн орточо узактыгы азыркыга салыштырмалуу дээрлик 5 жылга чейин көбөйүшү күтүлүүдө.

Оорулардын глобалдык жүгүн изилдөө (GBD) уюмунун маалыматы боюнча, 2022 — 2050-жылдар аралыгында аялдардын жашынын узактыгы 4,2 жашка, ал эми эркектердин жашынын узактыгы 4,9 жашка чейин өсө тургандыгы күтүлүүдө. Адамдардын жашоо узактыгы 73,6 жаштан 2050-жылга карата 78,1 жашка чейин жетиши күтүлөт. Дүйнөдө буга чейин орточо жаш 64,8 болсо, 2050-жылы ал 67,4кө жетиши мүмкүн.

Албетте, бул тенденция региондорго жана региондордогу жашоо деңгээлине, алардагы медицинанын абалына, жүрөк-кан тамыр, рак өңдүү оорулардын көрсөткүчтөрүнө жараша да боло турганы түшүнүктүү.

Жашоо узактыгы боюнча эң жогорку өсүш Сахарадан түштүккө кара Африка өлкөлөрүндө болушу күтүлүүдө. Окумуштуулардын айтымында, калктын санынын өсүшү боюнча Африка өлкөлөрү 2050-жылга карата алдыңкы катарга чыгат.

Учурда да төрөлүүнүн саны боюнча алдыда Африка өлкөлөрү турат. Канча жылдан бери кан күйгөн согуш жүрүп жаткан Ооганстан төрөлүүнүн саны боюнча 4-орунда турарын баарыбыз биле бербесек керек. Борбор Азия мамлекеттер арасынан Тажикстан 57-орунда, Кыргызстан 71-орунда.

Ошол эле учурда төрөлүүнүн саны жылдан жылга азайып бараткан өлкөлөр бар. Алардын топ башына Европа өлкөлөрү кирет. Төрөлүүнүн деңгээли эң төмөн өлкөлөрдүн тизмесинде эң акыркылары Япония менен Гонконг. Япония соңку сегиз жыл катары менен төрөлүүнүн деңгээли боюнча эң төмөнкү орунда.

Ошол эле учурда Япония экономикалык көрсөткүчтөрү жана жашоо деңгээли боюнча алдыңкы орундардын биринде эмеспи. А балдардын төрөлүү деңгээли боюнча акыркы сапта турганы көп факторлор менен түшүндүрүлөт.

Япониядан башка да көптөгөн экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө төрөттүн деңгээли калктын санын деңгээлин колдоо үчүн зарыл болгон 2,07 коэффиценттен төмөн түштү. 2023-жылы Түштүк Кореяда төрөттүн коэффициенти 0,72 болуп жана 230 000 бала төрөлгөн. Францияда бул көрсөткүч 1,68 жана 678 000 миңди, АКШда 1,62 жана 3,59 миллионду түзгөн. Жалпысынан өнүккөн өлкөлөрдө 2021-жылы төрөт коэффиценти 1,58ди түзөт.

Болотбек Таштаналиев, «Кыргыз туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар